Жаңы Жылдык Бал өткөрүлүп бүттү
2013-жылдын 19-декабрында Прогрессивдүү Демилгелер Фонду ААК «Бакай Банктын» финансылык колдоосу менен Бишкек шаарындагы ЖОЖлардан сунушталган мыкты 94 студентке, «Акыл Тирек» сыйлыгын алган жаш илимпоз жана журналисттерге арнап Жаңы Жылдык Бал өткөрдү.
Жаңы Жылдык Бал өткөрүлүп бүттү
2013-жылдын 19-декабрында Прогрессивдүү Демилгелер Фонду ААК «Бакай Банктын» финансылык колдоосу менен Бишкек шаарындагы ЖОЖлардан сунушталган мыкты 94 студентке, «Акыл Тирек» сыйлыгын алган жаш илимпоз жана журналисттерге арнап Жаңы Жылдык Бал өткөрдү.
2013-жылдын 19-декабрында «Тоолу Кой-Таш» отелинде Фонддун туулган күнүнө да арналган бал болуп, жогоруда белгиленгендей мыкты илим адамдарына жакшы маанайдагы кече уюштурулду.
Өтүп жаткан жылда Фонд тарабынан бир нече программа, проект жана башка иш-чаралар өткөрүлүп, коомго пайдалуу демилге, идеясы бар инсандарды табууга жана бириктирүүгө аракеттер жасалды.
Майрамдык кече фанфар музыкасынын коштоосунда алып баруучулар менен башталып, Фонддун бир жылда жасаган иштери тууралуу фильм менен уланды. Фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков конокторго кайрылып, келе жаткан майрам менен куттуктап, ААК «Бакай Банкына» да ыраазычылык билдирип кетти. Фонд дайым жаш демилгечи, таланттуу, келечектүү жаштарды колдоого даяр экени жана бул катарга банктын да кошулуусу кубандырары айтылды.
Белгиленгендей бул иш-чаранын башкы демөөрчүсү ААК «Бакай Банк – Кыргыз Республикасындагы TOP TEAMS "CLUB 500" WESTERN UNION командаларынын 20сына кирген жападан жалгыз коммерциялык банк болуп саналат. Бул команда 50 000 ашуун "Вестерн Юнион" бөлөмдөрүн Африка, Европа жана Борбордук Азия боюнча таратып, калкка кызматын кылып келмекчи. ААК «Бакай Банктын» директорунун орун басары Ким Николай Иннокентьевич Фондду туулган күнү менен куттуктап, дайым мындай демилгелерди колдоп кетүүгө даярдыгын билдирди.
160тан ашуун конок келип, жаңы жылдык маанайда, көңүлдүү атмосферада кече уланып, Молдобасанов атындагы КНКнын студенттери, ШБТ боюнча Орто Азиядагы эл аралык балный бийдин жаш жеткинчектери Турсуналиев Асан жана Хегай Даяна, бий шоу-группа «Аврора», Тамашоу - «Ак-Орго сити» командасы келип, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Бардык коноктор оюн-зоокторго катышып, активдүүлөрү белектерди алып жатты. Фондко ыраазычылыгын билдирип, коноктор да профессионалдардан кем калбай ырдап, өз тилектерин айтып кетишти. Ошондой официалдуу түрдө БМУнун өкүлдөрү жана МЦРЧ «САМОнун» өкүлдөрү да өз белектери менен Фондду куттуктап кетишти.
Кеченини акырында торт кесилип, салют аттырылыр, таттуу нотада бүттү. Бардык коноктор чакан белектерди алып, жакшы маанай менен тарашты.
Фонд бардык конокторго жана башкы өнөктөш ААК «Бакай Банкка» ыраазычылык билдирет. Бардык өз ишин мыкты жасаган адистерге, интеллектуалдуу жаштарга дагы бир ирэт Жаңы Жылыңыр менен демекчи.
Добавить комментарий