кыргызстандыктардын бешинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек - 2017» сынагын жарыялайт.
Сынактык иштер 2017-жылдын 31-декабрына чейин fpi.kg@mail.ru почтасы аркылуу кабыл алынат.
«Аскар Салымбековдун Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фонду «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун алкагында, бешинчи Бʏткʏл дүйнөлүк кыргызстандыктардын «Акыл Тирек - 2017» сынагын жарыялайт.
«Акыл Тирек» сынагы төрт жылдан бери уникалдуу илимий иштерди аныктап, илимпоздорго мамлекеттеги болуп жаткан илимий жетишкендиктерди жалпы коомчулукка жеткизүүгө мүмкүнчүлүк берип келет. Аталган сынагын уюштуруунун максаты улуттук илимди жана илимпоздорду колдоо, илимий-техникалык прогресс жана инновацияларга түрткү берүү, ошондой эле изилдөөчүлөрдүн мамлекеттин илимий-техникалык өнүгүшүнө кошуп жаткан салымдарын баалоо болуп саналат.
Конкурстун негизинде келип түшкѳн эмгектер тɵрт багытта тандалып алынат:
- Экономика (толугу менен бир көйгөйдү чечүүгө арналган),
- Мамлекеттик башкаруу (административдик-аймактык түзүлүш, кадрдык саясат, мамлекеттик мекемелердин иш процесстерин оптимизациялоо, коррупцияны жоюу, ж.б.),
- Социалдык долбоорлор (билим берүү, маданият, даарылоонун сапаты жана жеткиликтүүлүгү, соцалдык инфраструктуранын өнүгүүсү, эне жана баланы коргоо, социалдык ишмердүүлүктү жайылтуу, ж.б.),
- Илимий -техникалык долбоорлор жана аны турмушта колдонуу.
Сынактык иштер 2017-жылдын 31-декабрына чейин fpi.kg@mail.ru почтасы аркылуу кабыл алынат.
Толук маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 0 (312) 62 09 21, 0 772 09 29 09
Добавить комментарий