Интернат жана балдар үйүнүн бүтүрүүчүлѳрүнѳ каржы жана моралдык жардам кѳрсѳтүү
Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздѳѳчүсү Салымбеков Аскар Мааткабыловичтин демилгеси менен, Кыргызстандын булуң бурчундагы балдар үйлѳрүнѳ, интернаттарга жардам кѳрсѳтүү максатында «Наш голос» коомдук фондуна 60 миң сом акчалай каражат бѳлүндү. Бул балдардын баары, аларды түшүнгөн, аларга камкордук көргөн адамга муктаж. Интернаттан жетим балдар ѳз алдынча жашоо үчүн чѳнтѳгүндѳ 20 сом акча менен чыгышат.
Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздѳѳчүсү Салымбеков Аскар Мааткабыловичтин демилгеси менен, Кыргызстандын булуң бурчундагы балдар үйлѳрүнѳ, интернаттарга жардам кѳрсѳтүү максатында «Наш голос» коомдук фондуна 60 миң сом акчалай каражат бѳлүндү.
Бул балдардын баары, аларды түшүнгөн, аларга камкордук көргөн адамга муктаж. Интернаттан жетим балдар ѳз алдынча жашоо үчүн чѳнтѳгүндѳ 20 сом акча менен чыгышат.
Коомдо өспүрүм тилемчилердин бар болушу жашоо нормасына айланып жатат. Өз алдынча жашоо үчүн ар ким ар кандай жол менен күрөшөт. Бул өспүрүмдөр кимдер? Булардын баарынын баштарынан өткөргөн күнү негизинен окшош.
Алардын айрымдарынын иши жүрүшүп кетсе, айрымдары тескерисинче көчөдө калышууда. «Жаратылыштын катасы» делип, кароосуз калган бөбөктөрүбүздү асырап алгандар да жок эмес.
Интернаттын бүтүрүүчүлѳрүн эң биринчилерден болуп үй-жай маселеси тынчтандырат.
Кыргыз Республикасынын баланы коргоо боюнча кодексинде кароосуз калган балдарга үй- жай маселесине укугу бар деп жазылган. Ал кагаз жүзүндөгү мыйзам эмес, иш жүзүндөгү мыйзам болушу керек. Миңдеген балдар эксплуатациянын курмандыгына: балдар эмгегин колдонуу, балдарды мыйзамсыз сатуу жана аларды контрабандалык иштерде пайдалануу, орой мамиле, кылмыш топтору тарабынан зөөкүрлүккө, эрте турмуш курууга учуроодо. Эксплуатация бул балдар жана көпчүлүк чоңдор түшүнбөгөн татаал түшүнүк.
Жогорудагынын баарын эске алып, Салымбеков Аскар Мааткабылович тарабынан балдар үйүнө, интернаттарга жардам түрүндѳ:
- Баарлашуудан ѳткѳн эркек балдарды «Дордой секьюрити» кароол-детективдик агенттигине жумушка орноштуруу;
- Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун атайын долбоору жана илимий программасы болуп саналган «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин 2-окуу курсуна (5 кишиге) квота берилди.
- Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун кызматкерлери тарабынан келечекте интернаттардын бүтүрүүчүлѳрүнүн окуу программасынын маселелерин чечкенге, тактап айтканда Кыргызстандын ЖОЖнан автоматтык түрдѳ кабыл алуусуна жардам бермекчи.
- Прогрессивдүү Демилгелер Фонду тарабынан азыркы замандын талабына ылайык акысыз тренингдер өткөрүлүп турмакчы.
Балдар - бул жашоонун улантуучусу, жашоонун булагы. Келечек жашоонун кандай болоору бүгүнкү күндөгү балдардын абалына түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан, колдон келишинче жетим калган балдарга баарыбыз бирге жардам кылсак деген тилек.
Добавить комментарий