Ош шаарында коомдук мектептин бүтүрүүчүлѳрүнѳ дипломдорду тапшыруу аземи болуп ѳттү.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду, коомдук мектептин бүтүрүүчүлѳрүнѳн алган билимдери келечекте пайдасы тийип, Кыргыз Республикасынын ѳсүп-ѳнүгүүсүнѳ биргеликте чоң салым кошот деп үмүттѳнѳт.
Үзгүлтүксүз билимдүү, жоопкерчиликтүү, өз алдынча өнүгө ала турган жаштарды жана болочок лидерлерди тарбиялоо – “Прогрессивдүү Демилгелер Фонду” коомдук фондусунун эң негизги максаттарынын бири. Бул максатка жетүү үчүн Прогрессивдүү Демилгелер Фонду “Кыргызстандын жаш лидерлери” аттуу билим долбоорун ачып, жаш лидерлерди ѳстүрүп чыгууда. Мына ушул билим долбоорун Ош шаарынын жаштары үчүн Ош технологиялык университети жана Ош телерадиокорпорациясы менен биргеликте уюштуруп, 2014-жылдын 4-декабрында бүтүрүүчүлѳрүнѳ дипломдорду тапшыруу аземи болуп ѳттү.
Ош шаарынын бардык жогорку окуу жайларынан тандалган, 7 кесипти аркалаган 110 жаш лидер өз лидерликтерин дагы бекемдеп, 1 ай бою бул коомдук мектепте акысыз кошумча билим алышты. Мотивациалык 9 тренинг ("Бизнести пландаштыруу", "Маркетингдин негиздери", "Чечендик ѳнѳр", "Фандрайзинг", "Финансылык сабаттуулук" ж.б.), 5 лекция, Ош мэриясы жана Ош телерадиокорпорациясында экскурсия болуп, болочок элитаны курууга кадамдар ташталды.
Дипломдорду тапшыруу аземи КРнын гимни менен ачылып, лидерлердин коомдук мектеп тууралуу даярдаган кыскача тасмасын кѳрсѳтүү менен башталды. Андан соң фонддун негиздѳѳчү А.Салымбеков дипломдорду тапшырып, ар бир лидер менен сыймыктанаарын жана аларда чоң үмүт бар экендигин белгилөө менен чоң ийгиликтерди каалап кетти. Долбоор ОшТУ жана ОшТВ менен биргеликте уюштурулгандыктан, дипломдорду ѳкүлдѳрү да тапшырып, каалоо-тилектерин айтып ѳтүштү. Азем лидерлердин концерттик программасы менен коштолуп жатты.
Ар бир лекция окуган мугалимдерге жана долбоорого кѳмѳк кѳсѳткѳндѳргѳ ыраазычылык баракчалары тапшырылып, лидерлерден уюштуруу тобуна ыраазычылык тасмасы менен аякталды.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду, коомдук мектептин бүтүрүүчүлѳрүнѳн алган билимдери келечекте пайдасы тийип, Кыргыз Республикасынын ѳсүп-ѳнүгүүсүнѳ биргеликте чоң салым кошот деп үмүттѳнѳт.
Добавить комментарий