Ош шаарында коомдук мектептин эки жумалык тренингдери болуп өттү
Коомдук мектепти бүткөн соң ар бирибиз терең ишенич менен «Мен лидермин!» деп айта алабыз деген үмүттөбүз.
2014-жылдын 3-ноябрында «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусунун колдоосунда Ош Мамлекеттик Технологиялык университети жана Ош мамлекеттик телерадиокорпорациясы менен биргеликте Ош шаарынын жаштары үчүн «Кыргызстандын жаш лидердери» коомдук мектебин ачышып, 500гө жакын жаш улан кыздар коомдук мектепке катышуу үчүн билдирмелерин беришип, алардын ичинен 120 эң потенциалдуулары эң мыктылардын арасында болууга мүмкүнчүлүк алышты. Эки жуманын ичинде 120 лидер 4 группага бөлүнүп Искендер Субанкулов, Назгуль Матикеева, Сонунбек Жунусбаев, Султан Рахманов, Ризван Исмаилова, Эрлан Камалов сыяктуу устаттардан «Маркетинг», «Ийгиликти туура пландоо», «Чечендик өнөр», «Лидер деген ким жана чыныгы лидердин сапаттары» багыттары боюнча билим ала алдык.
Эки жуманын ичинде эки иш-чараны ишке ашыра алдык, биринчи иш-чара бул «Үлгүлүү айдоочу» акциясы. Акциянын негизги масаты - Ош шаарында жол кырсыктарынын азайуусуна салым кошуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын пешеходдук өтүүлөрдү кесип өтүү процессин жеңилдетүү. Акция Ош шаардык ЖКК менен биргеликте уюштурулуп, Ош шаарында авто унаа көп каттаган жолдорунда эки саатка созулду. 40тан ашык айдоочуга «Үлгүлүү айдоочу» наамы ыйгарылып авто унаасына атайын даярдалган наклейка белекке берилип, 60тан ашык жол эрежелерин бузган айдоочулар ЖКК кызматкерлери тарабынан жоопкерчиликке тартылышты.
2014-жылдын 16-ноябрында коомдук мектептин студенттери «Карылар үйүнө» жана «Боорукердик» балдар үйүнө барып колунан келген жардамын көргөзүп келишти. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө студенттер кыял ойлору таптаза болгон балдарга ишенич менен өздөрүнүн жүрөгүн ачышты. Бир канча убакытка бактылуу балалыкка кайтып, балдардын бир күнүн оюн зоокко бөлөштү. Балдар өз чыгармачылыктары менен бөлүшүп, шандуу ыр, бийлерди тартуулашты. Ал эми карылар үйүнөн улуулардын насаатын угуп, кеңештерин алышып, калоочуларга укалоо жасап берип, чын жүрөктөн сырдашып, алардын баа жеткис батасын алышты. Дал ушул иш-чаранын алкагында «Карыялар үйү» жана «Боорукердик» балдар үйүнүн айланасында ишембилик уюштурушту.
Биз бул эми башталышы экенине ишенебиз, биз дагы да күн сайын, ар сабак сайын өнүгөбүз жакшы жакка өзгөрөбүз, жүрөктөн чыккан каалоо тилектин коштоосунда ой-максаттарыбызды ишке ашырууну улантабыз. Коомдук мектепти бүткөн соң ар бирибиз терең ишенич менен «Мен лидермин!» деп айта алабыз деген үмүттөбүз.
Коомдук мектептин студенти
Умида Эгембердиева
Добавить комментарий