Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жана Ислам Экономикасын Өнүктүрүү Комитетинин
2013-жылдын 13-декабрында меморандумга кол коюлуп, эки тарап Кыргыз Республикасынын Ислам экономикасы жолунда финансылык жана индустриялык өнүгүүсү боюнча бирге иштешүүгө дилгирдигин билдиришти.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жана Ислам Экономикасын Өнүктүрүү Комитетинин ортосундагы меморандумга кол коюлду.
2013-жылдын 13-декабрында меморандумга кол коюлуп, эки тарап Кыргыз Республикасынын Ислам экономикасы жолунда финансылык жана индустриялык өнүгүүсү боюнча бирге иштешүүгө дилгирдигин билдиришти.
КРИЭ Кыргыз Республикасына Ислам экономикасын, финансы жана индустрияны киргизүү боюнча провайдер катары бардык кызыктар тараптарга аянтча болмокчу. Ошону менен бирге жеке, мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде да бул мүмкүнчүлүктү өстүрүүгө аракетин уланта бермекчи.
Меморандумдун максаты - КРИЭ жана ФПИнин мүмкүнчүлүгүн бириктирүү менен коомдо прогрессивдүү идеяларды колдоо жана алар аркылуу Ислам экономикасын тездик менен мамлекет ичинде жана сыртында да күч алуусуна салым кошуу.
Фонд Кыргызстандын экономикасына Ислам экономикасынын чоң пайда жана ийгиликтерди алып келе турганына ишенет жана үмүттөнөт. Аны менен Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө альтернативалуу шарттар да түзүлүп жатканына кызыктар.
Добавить комментарий