«Бир Дүйнө Кыргызстан-2013» фестивалынын жыйынтыктары
24 сентябрь 2013 жылы Космопарк борборунда Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун жана Бишкек шаарынын башкармалыгынын жардамы менен VII Дүйнөлүк, адам укуктарын баяндаган документтик фильмдер боюнча «Бир Дүйнө Кыргызстан-2013» аттуу фестивалынын жабуу церемониясы өттү.
VII Дүйнөлүк адам укуктарын баяндаган документтик фильмдер боюнча «Бир Дүйнө Кыргызстан-2013» аттуу фестивалынын жыйынтыктары чыгарылды
24 сентябрь 2013 жылы Космопарк борборунда Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун жана Бишкек шаарынын башкармалыгынын жардамы менен VII Дүйнөлүк, адам укуктарын баяндаган документтик фильмдер боюнча «Бир Дүйнө Кыргызстан-2013» аттуу фестивалынын жабуу церемониясы өттү.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жаш жана талантуу режиссерлорду колдош үчүн эки атайын сыйлык бекитти. Аскар Салымбеков Космопарк кинозалынын сахнасында, салтанаттуу абалда чыгармалардын авторлоруна дипломдорду, статуэткаларды жана акча байгелерди тапшырды. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Аскар Салымбеков фестивалдын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, фильмдердеги каармандарын анык болгон окуяларын көрүп, аларга баа койду. Элиза Кененбаева менен Жанарбек Жолдошбаев «В погоне за корейским принцем» аттуу фильми үчүн «Өзгөчө көз караш» деген сыйлыкка ээ болушту, андан башка Лира Асылбек «Кызматым мекениме» аттуу фильми үчүн
«Алтын объектив» сыйлыгын алды.
«В погоне за корейским принцем» фильми Түштүк Кореянын жарандарына эрге чыккан кыргыз кыздардын турмушун көрсөтүүдө. Кыздардын көбү эрлерин нике агенттиктерден табышкан. Ал эми «Кызматым мекениме» фильми СИЗОдогу кызматкерлер жөнүндө
«Кызматым мекениме» аттуу фильм Нарын шаарындага СИЗОдо иштеген кызматкерлердин кыйын жашоосун тууралуу баяндайт. ( №49 өмүр бою камакка алынган кылмышкерлердин мекемеси)
Добавить комментарий