Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

“Акыл Тирек” наамын Кыргызстандагы мыкты журналисттерге ыйгарды.

Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жана Кыргыз Республикасынын Коомдук Телерадиоберүү Корпорациясы менен биргеликте, ОАО «Росинбанктын» колдоосу менен журналистика тармагында “Акыл Тирек” наамын Кыргызстандагы мыкты журналисттерге ыйгарды.

Салтанат 2013-жылдын 5-ноюбрь күнүндө «Космопарк» борборунда болуп өттү.

Баарыбызга белгилүү болгондой, өлкөбүздө илимдин өнүгүшүнө салым кошуп жаткан жаш акылмандарыбыздын эмгегин баалоо үчүн аларга “Акыл Тирек” наамын ыйгарып жана “Акыл Тирек” китебине киргизүү менен моралдык жактан колдоону Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздөөчүсү А.Салымбеков алып барууда. 7-сентябрда бул наамга экономика жана мамлекеттик башкаруу багытындагы жаш илимпоздор, Илимдер академиясынын жана ЖОЖлардын жаш өкүлдөрү татыктуу болгон.

Ал эми массалык маалымат каражаттарынын арасындагы акыл тиректерибизди аныктап, аларга “Акыл Тирек” наамын салтанаттуу түрдө ыйгарып, коомчулук алдында ак эмгегин даңазалоо үчүн кандидаттар ар бир жамаат тарабынан сунушталган. Бул номинанттар белгилүү талаптарга жана критерийлерге жооп берүү шарты менен тандалды.

Салтанат жакшы майрамдык маанайда болуп, алгач Фонддун негиздөөчүсү А.Салымбеков өз сөзүндө бардык ММК кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, коомдогу ролун баса белгилеп кетти. Коомдо жарандар ММК тууралуу ар түрдүү пикирде: бири жалган десе, бири критикага салып олтурарын айтты. Аны менен бирге бул оор кесипти аркалаган журналисттердин арасында чындыгында кесибин мыкты алып барган, окуяны объективдүү чагылдырган, аналитикалык ой-жүгүрүүсү, өзгөчө ыкмасы менен иштегендер да аз эмес экенин айтып, мына ушундай кесипкөйлөрдү колдоо керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Ал эми КТРК ММКтардын флагманы катары Фонддун иш-чараларын баштан колдоп, мыкты журналисттерди табууга да активдүү көмөктөштү. КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев да коллегаларын куттуктоо менен журналисттик кесип ар бир окурман, угарман жана көрүүчүнүн жүрөгүндө дайым орун аларын айтып өттү.

�м�

Башкы өнөктөш “Росинбанктын” башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов Фонддун бул демилгесин колдоп, мыкты журналисттерге дем берүү ниетине кошулганын жана кызматташтыктын мындан ары да тыгыз болооруна ишенимин билдирди.

Салтанатка ЖОЖлардан, эл аралык уюмдардан, министрлик жана эксперттерден өкүлдөр катышып, акыл тиректерди колдоп кетишти.

“Акыл Тирек” наамын алган номинанттар статуэтка, диплом жана акчалай сыйлыктар менен, ошондой эле кээбирлери жеңилдетилген ипотека сертификаттары менен сыйланышты. Бардыгы сегиз номинация болуп, ММКынын ар түрдүү тармактарынын өкүлдөрүн камтып, ар башка аспектиден бааланышты.

1.    “Көч башы” номинациясы

Журналистика көп кырдуу жана татаал тармак, төртүнчү бийлик макамын алган бул тармактын мыкты өкүлдөрү журналистиканын сырын таап, эмгектеринде объективдүүлүк, акыйкаттык жана тарбиялык принциптерин туу тутуп, жаштарга  үлгү болуп келишет. Кыргыз журналистикасында кесибин кандай гана кыйынчылык болбосун таштабай, ага берилип, терең жана объективдүү ой жүгүртүүсү аркылуу калкты агартып, керектүү маалымат жана алдыңкы ойлорду жеткирүүнү талбай аркалап жүргөн  мындай көч башат журналисттердин катары толукталгандан толукталып келет. Бул номинацияынын ээлери: Самудинов Токтосун (Детский журнал "Байчечекей"), Сорокина Зинаида Федоровна («Вечерний Бишкек» гезити),  Ажыканова Элмира Асанбековна ("Кыргыз радио")

2.      «Жаш тирек» номинациясы

Кыргыз журналистикасына жаңы багыт, жаңы идея, жаңы дем кошкон жаңы муундун өкүлдөрү өзүнүн макала, уктуруу, көрсөтүүлөрүндө уламышты улап, үмүттү өчүрбөй, өз позициясы жана өзгөчө нукта берүүлөрү менен суусап турган коомубуздун моокумун кандырып, маалыматтарды жеткизип келген жаш журналисттер арбын. Жаңыча көз караш менен улуу максаттарды коюп, акыйкатты жана калкка керектүү маалыматтарды чагылдырууну максат кылган жаш тирек журналисттердин катарына: Дуйшонбаев Мирлан Папанович (газета «De-Факто»), Шаршеев Искендер Шеримбекович  (газета «Бизнес таймс»), Айтикеев Адилет Онолбекович ( «Алиби» гезити), Нечаева Елена Васильевна (ЗАО «5 канал»),  Акаев Жанарбек Кубанычович («Азаттык» агентствосу), Авашова Кундуз Тургунбековна («Манас» радиосу), Каримова Жазгуль Калбековна (МТРК «Мир» Кыргызстандагы өкүлү) кирет.

3.      «Курч калем»  номинациясы

Тарыхтын бүктөмүндө калбаган, мезгил шамалына сынбаган эң байыркы массалык маалымат каражаттары болгон гезит жана журналдар өз актуалдуулугун бүгүн да жоготпой, мыкты журналисттердин биринчи мектеби болуп келет. Бул мектептин мыкты журналисттери курч калемин курчуткандан курчутуп, улуттук идеология, кыргыз тилин өнүктүрүү, социалдык-экономикалык маселелерди талдап баяндоо жана тарых барактарына сапар улантуу ж.б. көптөгөн багыттарда объективдүүлүк жана профессионалдуулукту туу тутуп калктын калың катмарын, өзгөчө аймактарды маалымат менен камсыз кылып келишет. Алар: Тыналиев Мырзакат Бешкемпирович («Кыргыз Туусу» гезити), Жолдош Турдубаев («Кут билим» гезити ),  Мамбетов Курманбек Джолдошевич («Объектив» гезити), Кыязов Азамат Абдыгулович  (журналы  «Ассалам»), Ажыматов Зайырбек Самаганович ( «Жаны Агым» гезити)

4.   “Теле көз караш” номинациясы

Коомдо маалыматты жеткирүүнүн эң таасирдүү булагы катары телеканалдардын мааниси зор. Окуя жана маалыматтарды жандуу түрдө жеткиликтүү даярдап берүү менен телевидение көпчүлүк үчүн ыңгайлуу маалымат булагы болуп саналат. Мына ушул теле тармагында аналитикалык берүүлөрү, журналисттик иликтөөлөрү менен коомдун аң-сезимин туура багытка буруп, калкты объективдүү маалымат менен камсыз кылып, журналисттик мүмкүнчүлүгүн маанилүү жана жаратман иштерге колдонуп келген мыкты журналисттер да аз эмес: Татына Зандай кызы («ЭлТР» Телерадиокомпаниясы), Шестакова Наталья Викторовна (ОсОО ЧНТ «НБТ»), Печурин Евгений Сергеевич  (ЗАО «5 КАНАЛ»),  Караева Нуркыз Дуйшобековна (КТРК «Замана»).

5.   “Интернет күзгүсү” номинациясы

Мезгилдер алмашып, интернет технологиясынын тездик менен өнүгүүсү массалык маалымат каражаттарына дагы таасирин тийгизип, интернет айдыңын анын бир бутагына айлантты. Өлкөбүздө Интернет колдонуучулардын санынын кыска аралыкта 3 миллиондон ашуусу, интернеттин келечекте массалык маалымат каражаттарынынын күчтүү бутагы боло турганын көргөзүп турат. Бул заманбап тармак маалыматты жеңил жана тез арада жайылтуу менен коомду ар тараптан мезгилден артта калтырбай келүүдө. Мына ушул интернет айдыңында коомубуздагы көйгөйдү көтөрүп чыгып, өз сунушун берип, туура сөздөн жазбаган, мезгилдин талабына жараша маалыматтарды жеткирип турган журналисттер да өзгөчө белгиленүүгө татыктуу. Алар: Бектур Искендер (Маалыматтык портал KLOOP.KG), Тынаева Нурзада Самагановна  (Маалыматтык портал K-News), Банников Владимир Александрович (Орто-Азиялык маалыматтык портал News-Asia), Тагаева Суйунбубу Асановна (Маалыматтык портал  КАБАР).

6.  “Алтын көпүрө” номинациясы

Керемет табиятка ээ болгон эгемендүү Кыргыз жергесинин дүйнөлүк аренада абройун көтөрүү, аны башка өлкөлөргө таанытуу, жетишкендиктери менен өзгөчөлүктөрүн жеткирүү максатында ар кыл  маалыматтар менен дүйнө коомчулугун үзгүлтүксүз камсыз кылып келе жаткан журналисттер да бар.  Чет жерде өлкөнү таанытып, дүйнөлүк аренада өлкө тууралуу жакшы маанай жана пикир калтырууга аракет кылып жаткан мындай журналисттер өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан төмөнкү журналисттер бул номинация ээ болушту: Мучкина Александра Александровна (МТРК «Мир»), Рамиз Аббас оглу Мешедиев ( «Алтын Копру» журналы). 

7.    “Эл сүймөнчүгү” номинациясы

Элге кызмат кылгандардын эң башкы сыйлыгы – бул элдин колдоосу. Элдин колдоосуна, сүймөнчүгүнө айлануудан артык эч нерсе жок. Мына ошондуктан элдик пикирди эске алуу максатында «эл тараза эл сынчы» принциби менен  жасаган эмгеги менен эл оозуна алынып, окурман, угарман жана көрүүчүлөрдүн ой капчыгын толтуруп келген мыкты журналисттер www.fpi.kg сайтынан жана башка бардык социалдык түйүн, аймактардан келген каттардан аныкталды. Мындай журналисттердин коомубузда аз эмес экенине баарыбыз күбө болдук. Бул номинациянын ээси: Ахмедова Назира Махамаджановна (КТРК) болду.

8.    “Кадырман калем” номинациясы

Фонддун түптөлүшүнөн бери терең ишенимин билдирип, ташталган ар бир кадам тууралуу баяндап келген, калайык калкка позитивдүү ийгиликтерди ачып, профессионалдуулугу менен элдин аң-сезиминдеги саламаттыкка салым кошкон, жаратмандык менен прогресстин ишенимдүү өнөктөштөрү болгон Массалык маалымат каражаттары өзгөчө сый урматка ээ. Чындыгында өлкөнү оң жакка өзгөртүү үчүн Фонд менен бирге болгондор: Түгөлбай Казаков (белгилүү алып баруучу, КРнын эл артисти), Эсенбай Нурушев (белгилүү журналист, публицист, аналитик), Садырбек Чериков (белгилүү журналист, политаналитик),  Кубан Мамбеталиев (белгилүү журналист, публицист, аналитик),  Ночевкин Вадим ( «ДЕЛО №» гезити).

Фонддун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов тарабынан Фонддун иш-чараларын маалымат жактан чагылдырып, коомдогу өзгөрүштөргө салым кошуп, анын биригүүсүнө көмөктөшкөн журналисттерге да өзгөчө ыраазычылык билдирилди. Бул белектерге Адаханов Дооронбек Адаханович  («Деловой Собеседник» журналы), Эсен кызы Айсулуу ( «Марал» радиосу), Асанбаев Наралы Камбаралиевич («Жаны Ордо» гезити), Абдыгулов Арапбек Бакирович («Таза жол» гезити), Турдалиева Бегимбубу Турапбаевна («Эркин Тоо» гезити), Убыкеева Айпери Кыштообаевна ( «Алмаз» радиосу),  Жунусова Каныкей Мухаммедовна (КТРК «Ала Тоо»), Айдаров Керим Ташполотович ( «Асман Пресс» гезити), Ксения Толканева ( Спорт.kg сайты) сыяктуу мыктылар татыктуу болушту.

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо