«Келечекти пландаштыруу» аттуу тренинге акысыз катышууга чакырабыз
«Элдом» Консалтинг компаниясы, «Бай-Түшүм» банкы, «Прогресивдүү Демилгелер Фонду» менен биргеликте «Келечекти пландаштыруу» аттуу тренинге акысыз катышууга чакырат
«Элдом» Консалтинг компаниясы, «Бай-Түшүм» микрокредиттик компаниясы, «Прогресивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусу менен биргеликте «Келечекти пландаштыруу» аттуу тренинге акысыз катышууга чакырат. Тренингтин максаты:
1. Адамдардын узак убакытка финансылык пландаштырууга жана үнөмдөөгө болгон терс көз карашын өзгөртүү
2. Тандоо ыкмаларын кеңейтүү жолу менен үнөмдөө маданиятын жогорулатуу
3. Элдин ашыкча кредит алуу деңгээлин азайтуу
Кимдер үчүн: айлыгы аз үй бүлөлөр, кичи чарба ишканаларынын өкүлдөрү, «Бай-Түшүм» банкынын потенциалдуу кардарлары, айымдардын кооперативдери, жаштар, студенттер жана окуучулар үчүн. Көңүл бургула: Жаш чеги жок!
Тренингтердин узактыгы 4 күнгө созулат: 17, 18, 19 июлда саат 17:00-20:00 чейин жана 20 июлда саат 15:00-18:00 чейин (бир адам бир күн катыша алат).
Сиздерди финансылык сабатсыздыкты жоюу, кызыктуу адамдар менен таанышуу, жана даамдуу кофе-брейк күтөт.
Биздин дарегибиз: Абдрахманов 230А көчөсү, "Прогрессидүү Демилгелер Фондунун" «Ак Дил» аттуу жаштар кыймылынын офиси, экинчи кабат, конференц-зал.
Тренингтерге катышу үчүн fpi.kg@mail.ru, foundation.fpi@gmail.com электрондуу дарегине (аты жөнү, жаш, телефон номерин жана каалаган катышуу күндү) жазып билдирме жибериш керек, же болбосо 0312 690667, 0779 884050, 0771 233139 тел. номерлерине чалсаныздар болот.
Кененирээк маалыматтар http://www.fpi.kg сайтында. Биз Сиздерди күтөбүз!
Добавить комментарий