«Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусу билдирет
«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин бүтүрүүчүлөрү, Нарын мамлекеттик университети менен биргеликте, Нарын шаарынын студенттери үчүн «Кел бөлүшөлү» аттуу долбоорун ишке ашырууда.
«Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусу билдирет, ири долбоор болгон «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин бүтүрүүчүлөрү, Нарын мамлекеттик университети менен биргеликте, Нарын шаарынын студенттери үчүн «Кел бөлүшөлү» аттуу долбоорун ишке ашырууда.
Бул долбоор 27-октябрдан 1-ноябрга чейин 17 жаштан 25 жашка чейинки 200 студентке акысыз тренингдерди өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Окуу курсу «Чечендик өнөр», «Алга умтулуу жана убакытты туура пайдалануу», «Финансылык пландоо жана өз каражатын туура пайдалануу», «Стереотиптерден арылуу жана өзүнө ишенүү», «Ишкердик этикеттин негизи» аттуу тренингдерди камтыйт.
Тренингдер Нарын мамлекеттик университетининин аудиторияларында өткөрүлөт.
Шашылгыла: Орундун саны чектелеген.
Толук маалыматты төмөндөгү сайттан жана телефондордон ала аласыздар: http://www.fpi.kg,
0772 051 205, 0709 129 888, 0555 619 180.
Добавить комментарий