Телеоюндун үчүнчү жана төртүнчү чыгарылышы 2-май күнү тартылды.
Бул оюн Кыргыз телерадио берүү корпорациясында 7 команданын катышуусунда болуп өттү.
"Кыялымдагы Кыргызстан-өлкөнүн өнүгүү модели" аттуу телеоюндун үчүнчү жана төртүнчү чыгарылышы 2-май күнү тартылды. Бул оюн Кыргыз телерадио берүү корпорациясында 7 команданын катышуусунда болуп өттү.
Ош областынан келген 3 команда жана Бишкектен чыккан 4 командалар өзүнүн уникалдуу долбоорлорун сунуштап, кыялдарынын толук ишке ашуусу мүмкүн экендигин далилдеп беришти. Телеоюндун катышуучулары али жаш болсо да, бүгүнкү күндөгү өлкөбүздө болуп жаткан актуалдуу проблемаларды көтөрүп тим болбостон, анын чечүүчү жолдорун сунуштап, залдагылардын оозун ачышты.
Ал эми жогорудагы командаларды сындап, өзүнүн баасын берүү үчүн ар кайсы тармактын адиси болгон эксперттерден түзүлгөн калыстар тобу оюнга катышып, обьективдүү бааларын беришти. Алар: Эл-аралык Инновациалык Технологиялар Университетинин директору Нурзат Манасовна, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жаштар политикасы боюнча проректору Онолбаев Мелис Бекболотович, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк экономика кафедрасынын башчысы Алымкулова Алина Сапарбековна, КР транспорт жана коммуникация министирлигинин стратегиялык өнүктүрүү жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Асанкулова Марина Сагыналиевна. Калыстар тобу тарабынан берилген баалардын жыйынтыгында финалга 7 команданын ичинен Ош областынан келген "Улуттук стандарт" жана Бишкек шаарынан "Возрождение" командалары чыгышты. Оюн абдан кызыктуу өтүп, жыйынтыгында команданын мүчөлөрүнө сертификаттар тапшырылды.
Добавить комментарий