Проведена масштабная акция
«Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондунун негиздѳѳчүсү Аскар Салымбековдун демилгеси менен Б.Баатыр жана И.Ахунбаев кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде жайгашкан «Физкультурный» сейил багы жабдуулоо жана жашылдандырууга багытталган масштабдык акция болуп ѳттү.
2015-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарынын Мэриясы менен биргеликте, Мэриянын, Октябрь райондук акимиатынын ѳкүлдѳрүнүн жана Фонддун негиздѳѳчүсү Аскар Салымбековдун катышуусу менен «Физкультурный» сейил багын жабдуулоого жана жашылдандырууга багытталган масштабдык акция ѳттү.
Акциянын жүрүшүндѳ Фонддун кызматкерлери, «Ак Дил» жаштар кыймылынын жана «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин студенттери жаңы отургучтарды (скамейка) жана таштанды урналарын орнотушту, эски турниктерди сырдашып, жана ѳткѳн жылдагы жалбырактардан ж.б. таштантылардан тазалашты.
Акция майрамдык маанайда болуп, ѳтүп бара жаткан шаарыбыздын тургундары кайдыгер карабастан, ѳз ыраазычылыктарын билдиришип, ал тургай жардам дагы беришкендер болду.
Анткени, бүгүнкү күндѳ, кѳп жылдык тарыхы бар «Физкультурный» сейил багы ѳз калыбына келтирүүгѳ ѳтѳ зарыл болуп турган убагы эле. Себеби, сейил бактар аймагында жараталаштык комплекстерди жана объекттерди камтыган, ѳзгѳчѳ экологиялык, тарыхий жана эстетикалык баалуулуктарга ээ болгон, жаратылышты коргоочу, жана маданий эс алууга багытталган мекемелер болуп саналгандыктан, ѳзгѳчѳ кѳңүл буруу керек.
Добавить комментарий