Салянова Аида Жеңишбековна менен жолугушуусу болуп өттү.
2014-жылдын 27-октябрында «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Салянова Аида Жеңишбековна менен жолугушуусу болуп өттү.
2014-жылдын 27-октябрында «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Салянова Аида Жеңишбековна менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда бул коомдук мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрү жана «Акыл Тирек» конкурсуна катышкан жаш окумуштуулар да катышты. Жолугушууну фонддун башкы мүдүрү Жумадилов Амангелди ачып, катышуучулар менен тааныштырып өттү.
Андан кийин, сөз КРнын башкы прокурору Салянова Аида Жеңишбековнага берилип, өзү тууралуу кыскача маалымат берген соң, жолугушуунун негизи болгон суроо-жоопко өтүлдү. Коомдук мектептин студенттери юридикалык суроолордон баштап, жаш мамлекеттик кызматкер айымдын бала кезинен эмгек жолуна чейинки өмүр-жолунан суроолорду беришти. Башкы прокурор залдагы ар бир катышуучунун суроолоруна катары менен жооп берип, бир да суроону жоопсуз калтырган жок.
Жолугушуунун соңунда Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун башкы мүдүрү Жумадилов Амангелди прокурор айымга «Акыл Тирек» аттуу 2013-2014-жылдардагы китептерин, коомдук мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрүнүн «Центурионы будущего» китебин жана ыраазычылык баракчасын тапшырды. Ошентип, эки саатка созулган жолугушуу аяктап, Аида Жеңишбековна студенттерге ийгилик каалап, катышуучулар менен коштошту.
Добавить комментарий