«Саясат таануу» илимин казууну каалаган окурмандарга
Китептин авторлору А.А.Акунов, Г.С.Мамбеталиева эмгегин саясат таануу жана башка коомдук илимдерди үйрөнүүчүлөргө арнашат. Эмгек үч бөлүмдөн турат: саясат таануу илиминин тарыхы, ал камтыган маселелер; кийинки бөлүмдө схема жана таблицалар саясат сабагын үйрөнүүгө толук шарттарды түзөт; илимий термин жана түшүнүктөрдүн сөздүгү.
Жаңы окурман, жаңы түшүнүк, жаңы коом…
«Саясат таануу» илимин казууну каалаган окурмандарга жана кызыгуучу бардык жарандарга…
Китептин авторлору А.А.Акунов, Г.С.Мамбеталиева эмгегин саясат таануу жана башка коомдук илимдерди үйрөнүүчүлөргө арнашат. Эмгек үч бөлүмдөн турат: саясат таануу илиминин тарыхы, ал камтыган маселелер; кийинки бөлүмдө схема жана таблицалар саясат сабагын үйрөнүүгө толук шарттарды түзөт; илимий термин жана түшүнүктөрдүн сөздүгү.
Чындыгында бул эмгек эки багыттан алып карганда абдан баалуу жана маанилүү.
Биринчиден, саясат таануу илимине кошкон салым зор. Китепте берилген маалыматтар жөнөкөй тил жана түшүнүктөр менен жазылып, маалыматтар тастыкталган илимий факты жана илимдин бардык талабына так жооп берип турат. Тактап айтканда, ар бир тема, ар бир бөлүм саясат таануу илимин дагы бир жогору тепкичке көтөрүп, илимдин эң негизги талабы болгон, коомго пайда алып келүүсү жагынан абдан керектүү эмгек болуп саналат.
«Саясат» түшүнүгү коомдо терс гана мааниде колдонулуп, бул тенденция күч алууда. Анткен менен бул түшүнүк көп тармактуу жана аны туура түшүнүп колдонуу таптакыр башка жыйынтыктарга алып келери чет элдик өрнөктөрдөн белгилүү.
Ошол себептүү саясат таануунун ички маңызын, негиздерин толук өздөштүрүүнү каалаган саясатчылар, серепчилер, журналисттер, студенттер жана китеп сүйүүчүлөр теориялык гана эмес, заманыбыздагы саясий режимдин көйгөйлөрүн бул эмгектен аңдап билүү мүмкүнчүлүгүн алышат.
Экинчиден, бул эмгек кыргыз тилинин маанисин жана кадыр-баркын көтөрүү багытында да зор салымын кошууда.
Эмгекте атайын саясат таануу илимине байланыштуу терминдердин маанилери, башка түшүнүктөр кыргыз тилине которулуп берилген. Бул сөздүктөгү мисалдар жалпы коомдо колдонулганы менен, анын түпкү маанисин көбүн эсе билишпейт.
Жыйынтыктап айтканда, бул китептин авторлору коомго саясат таануу илимин туура багытта таанытууга аракеттенишип, ак эмгектери жана таза ниеттери менен коомго пайдалуу эмгекти жаратышты.
Ар бир мыкты китеп адамды да бир тепкичке жогорулатып турса, ал эмгек чындыгында пайдалуу.
Китеп бардык ЖОЖларга, китепканаларга жана китеп сатылуучу жайларга таратылды. Бирок жалпы коомчулукта сөзсүз саясий маселелер боюнча сабаттуулугун арттырууну каалагандар көп экенин билебиз. Ошол себептүү эмгекти өз наркына 400 сомго сатып алуу мүмкүн. Каалаган, кызыккан ар бир жаран төмөнкү телефондорго кайрылса болот.
Ийгилик каалап, коомубуздун интеллектуалдык потенциалын көтөрүүга чакырабыз!
0312 690568
Добавить комментарий