"Бишкек Урбан " форумунда Фонддун "Веложүрүш" долбоору колдоого алынды
Бишкек шаарынын мериясы тарабынан уюштурулган "Бишкек Урбан " форумунда Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун катышуучулары болгон курама команда катышып келишти.
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган "Бишкек Урбан " форумунда Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун катышуучулары болгон курама команда катышып келишти.
Бул форумдун алкагында Бишкек шаарынын мериясы шаарды өнүктүрүү боюнча мыкты идеялардын конкурсун уюштуруп, жана ал конкурска ФПИнин курама командасы "Ыңгайлуу жолдор" аттуу долбоорду жөнөткөн. Конкурсун жыйынтыгында финалга башка 9 команда менен катар ФПИнин курама командасы дагы өтүп, форумга чакырылган.
Жалпылап айта кетсек, бул иш-чара мыкты денгээлде өттү десек жаңылышпайм. Жыйынга ар кайсы өлкөлөрдөн эксперттер катышып, өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, жакшы кеңештерин айтып өтүштү. Бишкек шарынын мэри Кулматов К.К. иш-чаранын башынан аягына чейин катышып, ар бир катышуучу ал киши менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк алды.
Жыйындын аягында финалга өткөн мыкты идеяларды угууга убакыт келип, биринчиден болуп биздин курама команда презентаиясын баштады. Биздин презентация 2 бөлүктү камтыган: Юницкийдин струналык унаасын Бишкектин жолдоруна орнотуу жана вело жүрүшүн пропагандалоо.
Жалпысынан болуп 10 идея айтылып, жыйындын акырында Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун курама командасы презентациалаган "Веложүрүш" долбоору жана аны менен катар 3 долбоор мэрия тарабынан ишке ашырылат деп убада берип кетишти.
Статьянын автору: Нурзат Исаева
Добавить комментарий