«Сиңдилериме күмүш сырга» аттуу мотивациялык лекциялар
2016-жылдын 13-октябрь күнү «Шаар модасы» аттуу лекциясы менен И. Арабаев атындагы Кыргыз улуттук университетининде «Ruslanova Aiym» мода үйүнүн жетекчиси Махабат Саманчиева конокто болду.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду «Айым Ордо» клубу менен биргеликте Бишкек шаарынын ЖОЖдорунун кыздары үчүн дени сак жашоо, заманбап мода, алга умтулуу ж.б. темаларын камтыган «Сиңдилериме күмүш сырга» аттуу мотивациялык лекциялар ѳткѳрүлүп келүүдѳ. 2016-жылдын 13-октябрь күнү «Шаар модасы» аттуу лекциясы менен И. Арабаев атындагы Кыргыз улуттук университетининде «Ruslanova Aiym» мода үйүнүн жетекчиси Махабат Саманчиева конокто болду. Лекцияда Махабат Саманчиева заманбап мода жѳнүндѳ айтып, кыздарга кеңештерин жана кыздар үчүн пайдалуу маалыматтарды берди. Лекция абдан кызыктуу жана пайдалуу болуп, катышуучулар кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.
Добавить комментарий