«Жылдын меценаты» конкурсунун жеңүүчүлѳрүнѳ «Ак жүрөк» наамы, салтанаттуу түрдѳ ыйгарылды
2016-жылдын 19-февралында А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында «Жылдын меценаты» конкурсунун жеңүүчүлѳрүнѳ «Ак жүрөк» наамы, салтанаттуу түрдѳ ыйгарылды.
Салтанатта, Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарында миллиондогон сомдук кайрымдуулук иштерин жүргүзүп, бала-бакчаларды, мектептерди, мечиттерди, кѳпүрѳлѳрдү жана башка ондогон социалдык жайларды курган меценаттардын аты аталды. Алардын арасында, буга чейин аты коомго белгисиз, бирок кайрымдуулук иши менен элдин жыргалчылыгы үчүн кѳптѳгѳн долбоорлорду, программаларды ишке ашырган инсандар болду.
«Ак жүрөк» сыйлыгы, Эл аралык "Айкөлдүк" кайрымдуулук фонду тарабынан 2010-жылы ѳлкѳбүздѳгү меценаттарды элге таанытып, алардын кайрымдуулук иштерин жалпы коомго даңаза кылуу жана урматтоо максаты менен түзүлгѳн.
«Ак жүрөк» сыйлыгын Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлери, бизнес өкүлдөрү, маданият өкүлдөрү жана корүнүктүү спортсмендер тапшырышты.
Сыйлык тапшыруу салтанаты "Айкөлдүк" кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган.
Сыйлык ээлерин атайын түзүлгѳн комиссия, кѳптѳгѳн талапкерлердин ичинен ишине жараша тандады жана алардын арасында буга чейин аты элге белгисиз инсандар болду.
«Ак жүрөк» наамына татыган инсандардын ысымдары борбордогу Ю.Фучик атындагы паркта орнотулган Эл аралык "Айкөлдүк" кайрымдуулук фондунун эстелик гранит ташына аттары чегилип жазылып, түбѳлүккѳ үлгү катары калат.
«Ак жүрөк» сыйлыгын тапшыруу аземинде, Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлери, бизнес өкүлдөрү, ЖОЖдордун өкүлдөрү жана алдынкы ММК өкүлдөрү катышты.
Жеӊүүчүлөрдүн (меценаттардын) тизмеси.
1. «Айкɵлдүк» эл аралык кайрымдуулук фондусунун «Ак жүрɵк» белгиси менен Баткен облусунун, Сүлүктү шаарындагы «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Халбеков Абдилазиз Асанович 2015-жылы аз камсыз болгон үй бүлɵɵлɵргɵ жасаган кайрымдуулук иштери үчүн сыйланат. [1 млн. 300 миң сом]
2. «Айкɵлдүк» эл аралык кайрымдуулук фондусунун «Ак жүрɵк» белгиси менен Ош облусунун, Араван районундагы «ЮКСМ» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Атабаев Даниярбек Сүйүнович 2015-жылы аз камсыз болгон үй бүлɵɵлɵргɵ жасаган барандуу иштери үчүн сыйланат. [4 млн. 573 миң сом]
3. «Айкɵлдүк» эл аралык кайрымдуулук фондусунун «Ак жүрɵк» белгиси менен Ош шаарындагы спорт мектебинин машыктыруучусу Камчыбеков Калмат 2015-жылы спорт тармагына жасаган кайрымдуулук иштери үчүн сыйланат. [1 млн. 300 миң сом]
4. «Айкɵлдүк» эл аралык кайрымдуулук фондусунун «Ак жүрɵк» белгиси менен Жалал-Абад облусунун, Тогуз-Торо районундагы жеке ишкер Токтожумаев Урмат Акматбекович 2015-жылы билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында жасаган барандуу иштери үчүн сыйланат. [1 млн. 700 миң сом]
5. «Айкɵлдүк» эл аралык кайрымдуулук фондусунун «Ак жүрɵк» белгиси менен Нарын шаарындагы жеке ишкер Жусаев Муса Токонович 2015-жылы аз камсыз болгон үй-бүлɵɵлɵргɵ жасаган ири кайрымдуулук иштери үчүн сыйланат. [2 млн. 590 миң сом]
6. «Айкɵлдүк» эл аралык кайрымдуулук фондусунун «Ак жүрɵк» белгиси менен Талас облусунун, Кара-Буура районундагы «Рахат» жоопкерчилиги чектелген коомунун курулуш жетекчиси Мырзабаев Рысбек Байсылдаевич 2015- жылы курулуш иштери аркылуу кɵрсɵткɵн кайрымдуулук иштери үчүн сыйланат. [1 млн. 398 миң сом]
7. «Айкɵлдүк» эл аралык кайрымдуулук фондусунун «Ак жүрɵк» белгиси менен Ыссык-Кѳл облусунун, Ак-Суу районундагы жеке ишкер жана фермер Касенов Абдыталип Кадыракунович 2015-жылы социалдык тармакта жасаган барандуу иштери жана айылга мечит салып бергени үчүн сыйланат. [11 млн. 680 миң сом]
8. «Айкɵлдүк» эл аралык кайрымдуулук фондусунун «Ак жүрɵк» белгиси менен Чүй облусунун, Кемин районундук саламаттык сактоо тармагында иштеген Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович 2015-жылы ɵз айылына бала бакча куруп бергендиги жана алдыңкы окуучуларга стипендия тɵлɵгɵндүгү үчүн үчүн сыйланат. [10 млн. 150 миң сом]
9. «Айкɵлдүк» эл аралык кайрымдуулук фондусунун «Ак жүрɵк» белгиси менен Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министирлиги аркылуу кѳрсѳтүлгѳн, «Элим барсыңбы» коомдук фондусунун президенти Арзыкулов Хабибулло Кадыралиевич 2015- жылы социалдык тармакка, оорулуу адамдарга, кары картаңдарга берген барандуу жардамдары үчүн сыйланат. [7 млн. 4 миң сом]
10. «Айкɵлдүк» эл аралык кайрымдуулук фондусунун «Ак жүрɵк» белгиси менен Бишкек шаарындагы «Имарат строй» жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти Иманалиев Бейшенбек Султанович 2015- жылы социалдык тармакка, оорулуу адамдарга, кары картаңдарга берген ири жардамдары үчүн сыйланат. [1 млн. 348 миң сом]
11. «Айкɵлдүк» эл аралык кайрымдуулук фондусунун «Ак жүрɵк» белгиси менен Бишкек шаарындагы «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын директору Касенов Эдил Абдыталипович спорт тармагына жана студенттерге кɵрсɵткɵн ири колдоосу үчүн сыйланат. [15 млн. сом].
Добавить комментарий