Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

Кыргыз улуттук опера жана балет театрында "Ак Жүрөк" сыйлыгын тапшыруу аземи өткөрүлдү

Меценаттык салтты улантуу кылымдар бою баркталып келет. Бул ишмердүүлүк дайым бар болуп, коомдун алдыңкы баалуу ишмердүүлүгү болуп кала берет

Айкөл кыргызстандыктар мамлекеттин пайдубалы

Бул пикирге толук ишенген жана тастыктаган «Айкөлдүк» эл аралык кайрымдуулук Фондусунун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков тарабынан үстүбүздөгү жылдын 31-январында Улуттук опера жана балет театрынын малахит залында Кыргызстандын меценаттарына «Ак Жүрөк» улуттук сыйлыгы тапшырылды.

Меценаттык салтты улантуу кылымдар бою баркталып келет. Бул ишмердүүлүк дайым бар болуп, коомдун алдыңкы баалуу ишмердүүлүгү болуп кала берет.

Демөөрчү, колдоочу, спонсор атына конгон бул инсандар Кыргызстандын жети дубанынан жол тартып келгени менен, атак-даңкка эч умтулушпайт. Бир гана коомубуздун, кыргыз элинин айкөлдүгүн, кайрымдуулугун дагы бир жолу эскертип, ушул ишти негизги ишине эриш аркак алып жүрүүгө чакырышат.

Канча меценат болсо, ошончо кайрымдуулук, колдоо жана дем берүү окуясы. Ар бири биринен өткөн татаал, бирок ошончолук ишенимди арттыра турган үлгү мисалдар.

Мына ушундай тарыхты жаратып келе жаткан адамдарга опера жана балеттин малахит залы да жарашып, тартууланган атактуу, жан дүйнөнү сергиткен музыка жана анын аткаруучулары да жарашып турду. Нуркан Турсунбаев, “Алтынчы күнү кечинде”, аткаруучу: Бакыт Ыбыкеев; Тимур Саламатов “Каркыралар”. Аткаруучулар: Гүлмира Ниязбаева жана Бактыгүл Бокоева; Орус эл ыры: “Зачем тебя, я, милый мой искала”, аткаруучу: Үмүт Тилегенова; Кыргыз, орус жанан италия классикалык чыгармаларынан поппури. Аткаруучулар: Сталбек Алмазбеков шакирттери менен – Тынчтыкбек Байдылдаев, Орозбек Бакытов жана Талантбек Токомбаев залды жаңырта ыр сунуп жатышты.

Сыйлыктын ээлери ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын келечеги эмгек жана биримдиктен, кайрымдуулукка негизделген иш-чаралардан өнүгүп өсөөрүн баса белгилеп, кубанычтуу маанайда тарашты.

«Айкөлдүк» эл аралык кайрымдуулук Фондусу жана Прогрессивдүү Демилгелер Фондуларынын негиздѳѳчүсү болгон Аскар Салымбеков мекенинде элдин социалдык, материалдык муктаждыгын чечүүгө өз чөнтөгүнөн каражатын аябаган бул ак жүрөк инсандарга ыраазычылык билдирип, Фучик паркынын «Данк Аллеясында» түбөлүккө ташка ысымдарын тамга кылып жаздырыла тургандыгын белгилеп ѳттү.

Мындай ак жүрөк инсандардын катарын төмөнкү адамдар жана үлгүлүү ишканалар толуктайт:

Сарбашев Эркин Маманович

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жеке ишкер, Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүүсүнө салым кошуп келүүдө. Көк-Жаңгак шаарынын тургундарына асфальт төшөп, ыйманга чакырып мечит куруп, мектептин сырт келбетин ондоп, өз  айланасындагы жарандарга жардамын аябай улантып келет. Коомдун моралдык жана материалдык муктаждыктарына колдон келген мүмкүнчүлүгүн жумшаган «Ак Жүрөк» инсан.

Карабаев Исманалы Джумабаевич

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору. Шаардын социалдык, экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп келүүдө. Спорт, ички жолдорду ондоо, балдар клиникасы, Бордордук мечиттин курулушуна, карыялар, мугалимдер, кылмыш иликтөөчүлөргө, дарыгерлерге, өткөөлчүлөргө акчалай жана көмүр түрүндөгү жардамын аябаган инсаныбыз.

Нышанов Муса Кудайбергенович

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жеке ишкер. Ак-Суу дарыясына көпүрө куруп, элдин жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүп берген. Мындан сырткары элге картошка үрөнү менен камсыз кылууга жетишкен.

Жунусов Манат Акматалиевич 

Талас облусунун Манас районундагы жеке ишкер өз аймагында спорттун өнүгүүсүнө, жаштардын ден соолугуна салым кошуу максатында атайын спорт зал куруп аяктоодо. Социалдык инфраструктуранын өнүгүүсүнө демөөрчүлүк кылып келет.

 Алиева Майя Сейиткуловна

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Асыл тукум» чарбасынын жетекчиси, аймагында социалдык, спорт жана башка тармактардын маселелерин чечүүгө салттуу демөөрчүлүгүн улантып келет. Жетим балдарга, жетишпеген үй-бүлөлөргө, Ак-Суу районундагы балдар-интернатынын 112 баласына кийим-кече, тамак-аш менен дайым камсыздап келет. 

Еркинбаева Умсунай Кавысовна

Баткен облусунун Кадамжай районунун «Баяман баатыр» базарынын директору. Халмион, Бирлик, Советский, Алга айыл өкмөттөрүнө, орто мектептерге жана согуш ардагерлерине колдоо көрсөтүп, достукту чындоо программаларына дайым көмөктөшүп, жардам кылып келген «Ак Жүрөк» инсан.

Молдобаев Асхат Кеңешбекович

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Каркыра» коомдук өнүктүрүү бирикмесинин негиздөөчүсү. Өз жамааты менен 2010 жылдан тартып 7-апрель окуясынан көз жумгандардын атына турнир өткөрүү менен баштап, бүгүнкү күндө аймагындагы айылдарга материалдык жардам көрсөтүп, спорттун өнүгүүсүнө, жаштардын ынтымагына жана өсүүсүнө, улгайган жана инвалид адамдарга, Улуу Ата-Мекендик согуштун ветерандарына да демөөрчүлүгүн жан дилинден берип келишет. 

Султанов Абдыкапар Мааданбекович

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы «Тегене» көмүр өндүрүү ишканасынын директору аймагындагы социалдык маселелерди чечүүдө жардамын берип келет. Тегене айылынын жолдоруна шагыл төктүрүп, улгайган адамдарга бекер көмүр жеткирип, демөөрчүлүк көрсөтүп келген кийинки «Ак Жүрөк» инсан.

Курткаев Таалайбек Исмаилович

Нарын облусунун Кочкор районундагы жергиликтүү кеңештин кошмо жыйынынын президиумунун мүчөсү, райондун өнүгүшүнө барандуу салымын кошуп келет. Орток-Мойнок, Кара-Суу айылдарынын ички жолдорун ондоп, ФАПтын курулушуна, жашылдандырууга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана тигүүчү цехтерди ачууга салым кошуп, иш орундар менен камсыздап келет.

«ШОРО» жабык акционердик коому

Мамлекеттик масштабдагы улуттук нукура таза ичимдик продукциясын, куруттан тартып, максым, шоро жана танды чыгарып, чет мамлекетке таанытып келген ишкана. Стабилдүү, ишенимдүү түрдө улуттук сапаттуу продуктунун баркын көтөрүп, кыргыз элин гана эмес, чет өлкөлөрдөгү кардарларды да бул пайдалуу продукту менен камсыз кылган, өз мекенинде иш орундарын түзгөн жана дайым кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн «Ак жүрөк» коомду коомбузда ким тааныбайт.

«Аю» жоопкерчилиги чектелген коому

Кыргызстанда гана эмес эл аралык аренада чоң ийгиликтерди жаратып, АКШнын рыногуна чыга алган алгачкы чоң ишкана жана өзгөчө Шаршен Абдыкеримовдун мекенинде 100 заводду ачуу менен канчалаган иш орундарын камсыздоо ниетин да белгилөө керек. Кыргыздын жеке ишкерлеринин ичинен чет мамлекетте таанылганы жана баркка ээ болуп, намыстуу түрдө мамлекетин көтөрүп келе жаткан ишкана.

«Альфа Телеком» Жабык Акционердик Коому

MegaCom компаниясынын  негизги приоритети - жоопкерчиликке жана чынчылдыкка таянган абоненттерге максималдуу кам көрүү, көрсөтүлүп жаткан кызматтарды жана байланыштын сапатын жогорку деңгээлге көтөрүү. Үстүбүздөгү жылдын август айында Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынын К.Эшенкулов атындагы орто мектебине, Манас атындагы №10, Ж. Бөкөнбаев атындагы №2 орто мектептерине компьютерлер орнотуп, өлкөдөгү билим берүү тармагына маалымат технологияларын жайылтууга өз салымын кошуп келет.

«Замандаш» Ассоциациясы

Мамлекеттик масштабдагы мигранттардын көйгөйлөрүн чечүүдөгү алдыңкы мекеме болуп саналат. Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, маданий, тарыхый байланыштарды бекемдөөгө аракетин улантып, демөөрчүлүк иштерин салттуу аткарып келет. Замандаш ошондой эле кыргызстандыктардын жеңил өнөр жайынын өнүгүшүнө салымын кошуп, бул продукциянын чет өлкөгө чыгуусун камсыздап келет.

«Бакай Банк» ачык акционердик коому

Банк түзүлгөн күндөн баштап, өзүнүн ишкердүүлүгүндө өзгөчө банк операцияларын аткаруу сапатына жана ар бир кардарга ийкемдүү, жекече мамиле кылууну көздөйт. Банктын өзгөчөчлүгү кыргызстандык жеке ишкерлердин өсүүсүнө керектүү каражаттарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу шарттар менен берүүсү жана колдоосу болуп саналат.  Оң колун менен бергенди сол колун билбесин дегендей ар бир кайрымдуулук иш жалпы массага жайылбаса да пайдалуу иштердин саны аз эмес.

«Абдыш Ата» ишканасы

Кыргызстандагы аз алкоголдуу жана алкоголсуз ичимдиктер тармагындагы бренд түзүп, канча жылдан бери өз сынынан жазбаган сапаттуу ишкана. Бул ишкананын дагы бир өзгөчөлүгү бир гана ишкердик менен чектелбестен, Cакебаев Советбек Абдышевич, кыргыз жигитине жетимиш өнөр аздык кылат демекчи, кыргыз футболуна да салым кошуп, «Абдыш Ата» командасын уюштуруп, бул тармакта таза конкуренцияны жаратып келет. Жаштардын демилгесин жана ден соолугуна салым кошуусун үзбөй улантып келет.  

 
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо