Коомдук мектептин окуучулары «Манас» Эл аралык аэропортуна экскурсияга барышты
Коомдук мектептин окуучулары «Манас» Эл аралык аэропортуна экскурсияга барышты
“Аэропорт – өлкөнүн дарбазасы” демекчи, ар бир өлкөнүн 21-кылымдагы «дарбазасы» - аэропорту. Коомдук мектептин окуучулары да «өлкөнүн дарбазасына» жайдын алгачкы күндөрүнүн биринде, тактап айтканда, 10-июнда «Манас» Эл аралык аэропортуна экскурсияга барышты.
Коомдук мектептин окуучулары белгиленген убакытта, саат 12:30да чогулуп, саат 13:00до автобус менен «Манас» Эл аралык аэропортун көздөй жылып кетишти. Бир саатка жакын жол аралык убакытта жаш лидерлер бирде ырдап, сүрөткө түшүп, бирде жыргап, айтор, шаңдуу бара жатышты. Автобустан түшөр менен каттоо залына кирип, ал жактан өзүн Дания деп тааныштырган пресс-катчы кыз тозуп алды да, аэропорт жөнүндө маалыматтарды берип, студенттердин суроолоруна жооп берди. Ал “Манас” аэропорту жүргүнчүлөрдү аэропортто жагымдуу тейлөө үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасаарын, аэробекеттин имаратында жүргүнчүлөр үчүн дүкөндөр, дарыкана, кафе, интернет, гезит жана журналдарды сатуу үчүн күркөлөр ачылганын жана “Манас” аэропортунда VIP жана бизнес залдары, жүк сактоочу жайлар бар экендигин айтып, жана башка бир топ маалыматтарды берди.
«Манас» аэропортун көрүп, таанышып чыккандан кийин, «Манас» Эл аралык аэропортунун «Манас - 2» терминалы көздөй атайын кызматтык автобусу менен жөнөштү. «Манас - 2» терминалына кирери менен жаны авиакаттамынын кыргыз жыттанганын эч ким танбаса керек. Себеби, дизайны жалаң улуттук колоритте жасалгаланганы көздү суктандырып турду. Айта кетчү нерсе, ар бир жерден сүрөткө түшүүнү адат кылып алган Коомдук мектептин окуучуларына бул ирет, бир аз чек болуп турду. Анткени, кызматчылардын атайын уруксаты жок сүрөткө түшүүгө, же видеого тартууга тыюу салынганын эскертип турушту. Бирок, баардык жерден эмес. Балдар-кыздар уруксат берилген жерден сүрөткө түшүп, кызматчыларга кызыккан суроолорун да берип жатышты.
Ал ортодо, «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин окуучусу Сыдыкова Кызжибектин оюн, маанайын сураганга жетиштик. Кызжибек: «Фондго ыраазычылык билдирем. Мындай мүмкүнчүлүк башка жактан берилбейт болчу – деп, ыраазычылык менен баштап, сөзүн улады: Буга чейин Оштон учуп келгем. Аэропортту көргөм, самолетко түшкөм, бирок, ички рейске гана кирген болчумун. Ал эми бүгүн болсо, мамлекеттик кызматчылар отурган жакка чейин келип көрдүм. Мамлекеттик жетекчилер үчүн атайын VIP залдарын, жасалгаларын кѳрүп, өнүгүү болуп жатканын көрдүм» - деген жеке байкоосун билдирди.
«Манас - 2» терминалынан чыгып, өзүбүз келген автобусту көздөй жөнөп, жакшы тилек, жакшы ой-максаттар менен аэропорттон алыстап, экскурсиядан ырахат алып, шаарга багыт алдык.
Кошумча материал катары, башта айта кеткендей, «өлкөбүздүн дарбазасынын» тарыхы жөнүндө маалымат бере кетсек. “Манас” Эл аралык аэропортунун тарыхы XX кылымдын 70-жылдарына барып такалат. Аэропорт улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен “Манас” деп аталып калган.
Бул аба майданы 1974-жылы ¬Ил-62 үлгүсүндөгү биринчи учакты кабыл алган. Учактын жүргүнчүсү болуп СССР министрлер кеңешинин төрагасы Н.Косыгин учуп келген. Ал Кыргызстан Компартиясынын 50 жылдыгын белгилөө салтанатына катышуу үчүн келген. Ал эми 1975-жылы жүргүнчү ташыган рейстик учак Москваны көздөй жол тарткан.
“Манас” аэропорту эски ордунан азыркы жайгашкан жерине 1981-жылы көчүрүлгөн. Андан 20 жыл өтүп, кылым жаңырган 2001-жылы “Манас” ААКсы “Манас” Эл аралык аэропорту болуп түзүлгөн.
Ал эми 2012-жылдын 5-октябрында «Манас» Эл аралык аэропортунун «Манас - 2» терминалы официалдуу түрдө ачылган.
Болотбек кызы Жылдыз,
«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин окуучусу,
КНУнун студенти.
Добавить комментарий