Теңир-Тоодо «Жаш талант» сынагы быйыл он сегизинчи жаздын көз ирмемин тосуп алды
Бул иш-чараны жыл сайын теңир-тоолук мектеп окуучулары гана күтпөстөн, алардын ата-энелери, мугалимдери да чыдамсыздана күтүү менен алдын-ала кызуу даярдыктарды көрүшөт. Анткени бул сынак аркылуу балдар жан дүйнөлөрүн байытып, балалыктын ар бир көз ирмемдеринде сакталып калган таттуу элестерди түбөлүк унутпай жүрүшсө керек.
«Эмгек» саясий партиясынын башкы демөөрчүлүгү астында Нарын областында «Балтаттуу» бейөкмөт уюмунун демилгеси аркылуу КРнын Өкмөтүнүн Нарын областындагы өкүлүнүн колдоосу менен жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келе жаткан «Жаш талант» сынагы быйыл он сегизинчи жаздын көз ирмемин тосуп алды. Нарын шаарында өнөрлүү мектеп окуучуларынын арасында «Жаш талант – 2015» аттуу областтык кароо-сынагы өткөрүлдү. Сынакка Нарын областынын бардык райондорунун тандоо турларынан жеңип чыгышкан 700гө жакын таланттуу балдар катышышып, Манас эпосунан, элдик дастандардан айтуу, ыр-бий, көркөм сүрөт, улуттук аспаптарда ойноо, кол өнөрчүлүк номинациялары боюнча өз таланттарын көргөзө алышты. Ар бир региондордон келген өнөрлүү окуучулар өтө чоң кызыгуу, чыгармачылык менен катышышып, калыстар тобуна жана сынактын көрүүчүлөрүнө өз таланттарын жогорку деңгээлде көрсөтүшүп, жакшы маанай тартуулашты. Сынактын жыйынтыгында Баш байгени – плазмалуу телевизорду Нарын шаарынын №1- Т.Сатылганов атындагы мектебинин «Наристе» бий тобу жеңип алышты. Ар бир номинациялар боюнча жеңүүчүлөрү аталып, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты. Адаттагыдай эле, сынак жеңүүчүлөрдүн жана Бишкектен барган калыстар тобу – артисттердин катышуусундагы чоң программадагы гала-концерт менен жыйынтыкталды.
Бул иш-чараны жыл сайын теңир-тоолук мектеп окуучулары гана күтпөстөн, алардын ата-энелери, мугалимдери да чыдамсыздана күтүү менен алдын-ала кызуу даярдыктарды көрүшөт. Анткени бул сынак аркылуу балдар жан дүйнөлөрүн байытып, балалыктын ар бир көз ирмемдеринде сакталып калган таттуу элестерди түбөлүк унутпай жүрүшсө керек.
Добавить комментарий