Финансылык сабаттуулук боюнча Саидмурод Давлатовдун тренинги
Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун финансылык жардамы менен Бишкек шаарынын тургундарына экинчи ирэт С.Давлатовдун тренингине катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун финансылык жардамы менен Бишкек шаарынын тургундарына экинчи ирэт С.Давлатовдун тренингине катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду А.Салымбековдун атынан жана К. Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети менен биргеликте Саидмурод Давлатовдун 3 күндүк акысыз тренингин уюштурду. Спикер төмөнкү темалардан сөз кылды:
1. Финансылык план
2. Байлыктын психологиясы: үй-бүлөлүк бюджетти уюштуруу
3. Тайм-менеджмент
Тренинг 9-декабрдан тартып, 11-декабрга чейин созулуп, БМУнун концерттик залында өттү. 500гө жакын адам - мугалимдер, окуучулар жана башка тургундар келишти.
Кыргызстандын жаштарына керектүү бардык мүмкүнчүлүктөрдү Фонд кармап, сунуштоого дайым аракетин кылып, өзүн да өнүктүрүү үчүн жетишүүгө жана интеллектуалдык потенциалын көтөрүүгө талбай эмгектенип келет. Бул тренингдер аркылуу студенттер Давлатов сыяктуу профессионалдар менен жолугушуу жана финансылык сабаттуулугун жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн ала алышат.
Ар бирөөбүздөн сурай турган болсок: «Жашоодо эмне керек?», «Ийгилик, бейпилдик, үй-бүлөдө жана сүйүүдө бакыт» деп жооп кайтармакпыз. Анда эмне үчүн бизде балдарыбызга, ата-энебизге, ден-соолукка, өзүбүзгө убактыбыз жок? Бул суроого С. Давлатов: «Себеби, адамдар бүт өмүрүн керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жумшап, акча табууга өткөрүшөт. Жөнөкөй гана чечим бар – финанасылык сабатыбызды арттыруу» деп белгилейт. «Анткени, финансылык сабаттуулук - бул келекчектеги бейпилдиктин фундаменти».
Тренингдерде катышуучулар үй-бүлөлүк бюджетти кантип туура уюуштуруу керек экенин практикалык түрдө үйрөнүп, негизги сырды ачышты. Ал акчага өзүбүздү башкаруусуна жол бербөө, маянадан маянага карай жашоо бул туура эмес. Тескерисинче, «Эсеп моделинде» жашоо зарыл. Акчаны келечекке, эртенкиге жана бүгүнкүгө туура бөлүштүрүүдөн бардыгы көз каранды. Бул модел кайсы жерде туура эмес акча сарптоолор болуп жатканын жана аны керектүү жана шашпай алууга мүмкүн болгон деп бөлүштүрүү керектигин көрсөтөт. Бул моделди аудиторияда олтурган катышуучулардын мисалында деталдуу түшүндүрүү менен тренер теманы жакшы жеткирип бере алды. Мисалы, карыздардан кантип кутулуу керектигин, «пайдасыз карызды» «пайдалуу карызга» айландырууну да кеңеш берип жатты..
Албетте, жаштар жана өсүп келе жаткан өспүрүмдөр бул билимдерге абдан муктаж. Каражатты табуу, топтоо жана көбөйтүү боюнча жана эң башкысы аны туура колдонуу боюнча сабатын жогорулатууга тийиш. Тренинг өз жашоосун өзгөртүүгө түрткү берип, башкача ойлонууга жол ачат.
Саидмурод Давлатов эл аралык деңгээлде белгилүү тренер. Ал Бодо Шефер (финансылык консультант №1 Европада), Мирзакарим Норбеков (Москвадагы өзүн өзү калыбына келтирүү институтунун негиздөөчүсү), Стивен Кови (СШАдагы Барак Обаманын кеңешчиси), Брайан Трейси (дүйнөдөгү биринчи консультант), Смильян Мори (мотивация боюнча мыкты тренер), Тецуо Ясуйи (Toyota компаниясынын консультанты) сыяктуу адамдардан билим алып, психология илиминде докторлугун жактап, 2007-жылы Эл аралык адам өнүктүрүү «САМО» борборун ачкан.
С. Давлатов жана А. Салымбеков өз колдору менен ар бир катышуучуга сертификаттарды тапшырышты.
Фонд К. Карасаев атындагы БМУга, ректору А. И. Мусаев агайга терең ыраазычылык билдирет. Фонд бардык катышуучуларга да ыраазычылк билдирет, дайым активдүү катышкан жарандарга ийгилик каалайт.
2014-жылы Фонд кийинки акысыз тренингдер тууралуу маалыматты анонсто билдирет.
Добавить комментарий