«Кыргызстан жаш лидерлери» коомдук мектебинин 9-мартан 14-мартына чейинки ѳтүлгѳн тренингтери.
Мени тунгуюктан алып чыгып, дүйнѳгѳ эшик ачып берген «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондунун негиздѳѳчүсү А.Салымбековго жана Фонддун жалпы эмгек жамаатына ыраазычылык билдирем» деп кубанычы менен тең бѳлүштү.
«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинде билим алган улан-кыздардын чогуу окуп, Кыргызстандын кең келечеги үчүн колдо бар мүмкүнчүлүктѳрүн пайдаланып жатканына 2 аптанын жүзү болду. Бул кыска аралыктын ичинде алар бири-бири менен кеңири таанышып бат эле достошуп кетишти. Коомдук мектептин балдарынын тез эле достошуп кетишкендиктеринин себеби, алардын бир максатты кѳздѳп жатышкандыгында деп ишенимдүү айта алабыз. Эки аптанын ичинде балдарда ѳзгѳрүүлѳр болгонун, мурунку кээ бир терс сапаттарынан арылып, турмушка болгон кѳз караштары бир кыйла ѳзгѳрүп, жаңы-жаңы идеалардын үстүндѳ иштешип жатышкандыктарын бѳлүшүштү. Ар аптанын башында 4 топ биригип тренингке катышса, жуманын 4-, 5-күндѳрү ар бир группага ар багыттагы тренингтер ѳтүлүп жана экскурсияга барышууда.
Бул туурасында 1-топтун студенти Абдыкеримов Нуржигит тѳмѳнкүлѳргѳ токтолду: «Биз бул жуманын шаршемби күнү борборубуздагы эң белгилүү мейманкана болгон «Жаннат Ридженсиде» болдук. Мурун мага бул мейманкана кызык болчу. Бул жакта канча кызматкер эмгектенет?, кандай шарттар менен жумушка алышат?, ушул денгээлге кантип жетти?, сыры эмнеде?, конокторду тейлѳѳ сапаты кандай? айтор ушул сыяктуу суроолор менде бар болчу. Мени тунгуюктан алып чыгып, дүйнѳгѳ эшик ачып берген «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондунун негиздѳѳчүсү А.Салымбековго жана Фонддун жалпы эмгек жамаатына ыраазычылык билдирем» деп кубанычы менен тең бѳлүштү.
Ал эми 2-топтун студенттери эмне менен алектенгенин Мукарамов Медер аттуу мырзадан билдик. «Биз бул аптада аябай кызыктуу, ары эң пайдалуу сабактарды ѳттүк. Ошолордун ичинен Лилия Утюшеванын «Чечендик ѳнѳр» деген тренинги бизди аябай таасирлентти. Мен бул тренингтен ѳзүмдү коомчулуктун алдында кандай алып жүрүүнү, ар кандай кырдаалдан чыгуу жолдорун, мен мурда билип, билбей колдонуп келген мимикалардын ар бири мааниге ээ экенин билдим. Ошол эле учурда топтун ичиндеги байкалбай келген ѳнѳр ээлерин да билүүгѳ үлгүрдүк. Лилия Утюшеванын бул жаатта ѳз кесибин мыкты билген адис экенине, арабыздагы таланттарды ѳзүнүн эң мыкты, жѳнѳкѳй, ары кызыктуу методикасы менен тааныткандыгында болду. Жана ошондой эле ал бир канча тилде эркин сүйлѳй аларына да күбѳ болдук. Тренингтин бүтѳѳрүнѳ бир аз убакыт калганда, ал бизге эне тилибизде обон созуп да берди. Бул мен үчүн эң мыкты стимул болду жана таасирлентти» дейт Медер мырза.
Ошол эле жумада 3-топтун студенттери Мамлекеттик катоодо экскурсияда болушту. Ал жактан алар бир канча жумушчу орундар менен таанышып, суроолоруна толук кандуу жооп да ала алышты.
Бейшемби күнү коодук мектептин студенттери 4 топ толук курамы менен «Финансы министирлигинде» экскурсияда болушту. Ал жактын иштѳѳ тартиби менен таанышышты. Алгач эле сѳз Финансы министирлиги качан түзүлгѳндүгүндѳ болду. Финансы министирлиги 1924-жылы түзүлгѳндүгү жѳнүндѳ жана бул министирликти эң узак убакытка башкарган, жаш министир болгон Алиаскар Токтоналиев болгондугунан кабардар болушту. Андан соң Финансы министрлигинин ар тармактуу ѳкүлдѳрү лекция окуп, аткарган иштери жѳнүндѳ маалымат беришти. Лекция окушуп бүткѳн соң жылуу сѳздѳрү менен узатып жатышып, ѳз кесибин мыкты билген жаш адистер үчүн Финансы министрлигинин эшиги ар дайым ачык экенин баса белгилешти.
Мына ушундай «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин окуучуларынын бир жумалык окуу тартиби менен тааныштык.
Фонд мындан ары да, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн бар мүмкүнчүлүгүн жумшаган, каныккан билимге сугарылган, жаңыча ой жүгүртүүлѳр менен коомду алдыга сүрѳгѳн, алган билимин башкалар менен бѳлүшѳ алган, мекен десе кара жанын карч уруп аянбаган, ѳлкѳбүздүн ѳнүгүүсүнѳ жаңыча методика менен иш алып барган «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин таланттуу, билимдүү улан-кыздарды дагы да талыкпай тарбиялай беришине ишенебиз. Ошол эле, опол-тоодой эмгекти талап кылган бул коомдук мектептин окуучуларынын алган билими менен пайдалуу иш жасап, бардык эмгекти актайт деген ойдобуз.
Абдиманас кызы Айзада,
Кыргызстан Эл аралык Башкаруу жана Каржы Бизнес академиясынын студенти жана "Кыргызстандын жаш лидерлери" коомдук мектебинин студенти
Добавить комментарий