Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

“Акчаны сактоо жана көбөйтүү” аттуу 4 күндүк тренинг

Саидмурод Давлатов – түрдүү жактарда өнүккөн адам. Ал психология илимдеринин доктору, ийгиликтүү бизнемен, эл-аралык бизнес-тренер, «Философия муравья» аттуу китептин автору, спортсмен, ырчы, «Само» эл аралык адам өнүктүрүү борборунун негиздөөчүсү жана М. Норбеков, Б. Шефер, Б. Трейси,

2013 ж.  18 октябрьдан баштап – 21 октябрьга чейин Прогрессивдүү Демилгелер Фонду Саидмурод Давлатов атынан «САМО»  Эл аралык адам өнүктүрүү борбору менен бирге  “Акчаны сактоо жана көбөйтүү” аттуу 4 күндүк тренингти төмөнкү темалар боюнча өткөрдү:

1.     Бай жана кедейдин ой жүгүртүүсүнүн  өзгөчөлүгү

2.     Мен жана акча

3.     Нөлдөн башталган капитал

4.     Каржы планы

5.     Адамдардын аң -сезиминдеги тоскоолдуктарды жоюу. 

 

Фонд, прогрессивдүү жана жасагыч күчтөргө аянтча катары, жаш жараандарга өздөрүн  өркүндөтүү, билим-сабатын көтөрүү, интеллектуалдык потенциалын мамлекеттин пайдасына колодонуу үчүн мүмкүнчүлүк берет. Ушул максаттарды ишке ашырыш үчүн, Фонд конференцияларды, форумдарды, жолугуу жана конкурстарга каражаттар менен камсыздайт.  Фондтун негизги принциптеринин бири – бул профессионализм принципи. Ошондуктан тренингтер катышуучуларга каржы сабатты өркүндөш үчүн,   С. Давлатов сыяктуу өз тармагындагы профессионалдар менен жолугуу мүмкүнчүлүгү менен камсыздайт.

         Саидмурод  Давлатов – түрдүү жактарда өнүккөн адам. Ал психология илимдеринин доктору, ийгиликтүү бизнемен, эл-аралык бизнес-тренер, «Философия муравья» аттуу китептин автору, спортсмен, ырчы, «Само» эл аралык адам өнүктүрүү борборунун негиздөөчүсү жана М. Норбеков, Б. Шефер, Б. Трейси, С. Кови сыяктуу белгилүүбизнес-тренерлердин окуучусу болуп эсептелет.

         Саидмурод Давлатовтун тренингтери  адамдын каржы сабатуулугун бекемдеп, турмушта ийгиликке ээ болгонго жардам берет.

         Капитализм,  адамдын өмүр – чөйрөсүнүн бардык багыттары каржы менен байланыштуу болгон  учурда, финансты туура колдонуу механизмди  ар бир жараан билүү зарыл. Каржы сабаты турмушта так колдонулса,  ар түрдүү көйгөйлөрдөн, чоң кайгылардан кутула алабыз. Аны менен бирге,  бул билим адамдын потенциалын ачып, аны ийгиликке алып келүүгө жардам берет. Каржы сабат, акчаны сактоо жана көбөйтүү жолу жөнүндө кеп, ар бир кишини тынчсыздандырат.

С. Давлатовтун методикасы татаал каржы, экономикалык маселелерди жөнөкөйлөп, ар бир угуучуларга жана китеп окугандарга түшүнүүгө жеңил кылып берүүдө. Тренингтерде реалдуу, турмушка жакын мисалдар келтирилип, тамашалар айтылып,  ынактык жана  жагымдуу чөйрөдө өтөт.

Кинотеатр «Октябрьда» өткөн тренинг коомдун ар кайсы  категорялардын өкүлдөрүн чогултту. Алардын ичинде – пенсионерлер, студенттер, мугалимдер, илимпоздор, эл-аралык уюмдарынын, изилдөөчү борборлорунун өкүлдөрү болушту. Катышуучулардын жалпы саны 250гө жетти. Тренингтин соңунда, толук курсту өткөндөр жана активдүү катышкандар Аскар Салымбековдун жана Саидмурод Давлатовдун колунан сертификат алышты.

Жалпы алганда, сурап чыгуу анкеталардын жыйынтыктары боюнча угуучулардын 99% тренингти жактырып сөз айтышты. Катышуучулардын баардыгы дээрлик ушундай сыяктуу иш-чараларды өткөзгөнү үчүн  Прогрессивдүү Демилгелер Фондуна ыраазычылыгын билдиришип, кошумча курстарды угуу тилектерин айтып кетишти.

Фонд тренингтер ар бир угуучуларга акчаны сактоо жана көбөйтүү жагынан негизги психологиялык жана практикалык учурларда чын эле жардам бергенине үмүттөнөт. Мамлекеттин финансылык ийгилиги ар бир жараандын каржы ресурстарын башкаруусуна байланыштуу эмеспи. Фонд ушул сыяктуу тренингтер келечектеги элиталык муундарга чоң таасир эткенине, коомдун өнүгүүсүнө жардам бергенине ишенет.

Тренингтердин экинчи цикли 2013ж декабрь айына пландаштырылган. 

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо