Улуу Жеңиш майрамына 70 жыл
«Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фонду жана коомдук мектептин окуучулары дагы бир ирет Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктайт!
Быйыл Улуу Жеңиш майрамына 70 жыл экендиги - тѳрѳлѳ элек биздин жаркын келкчегибизди ойлогон, эркиндиктин заманын курууга талпынган ардактуу ардагерлерибиздин жасаган эрдиктерин дагы бир ирет ѳзгѳчѳ эскерүүбүздү талап кылат. Аталарыбыздын, апаларыбыздын тайманбастыгы, эрдиги, мекенчилдиги бүгүн биздин кѳк асман астында молчулукта жана тынччылыкта бакубат ѳмүр сүрүп жатканыбыздын себеби экени талашсыз. Анын сыңары "Кыргызстандын жаш лидерлери" коомдук мектебинин 3-агымынын окуучулары да четте калбай 5-каналдын кѳгүлтүр экраныныда согуш мезгилин, баатырларыбыздын эрдигин жана Улуу Жеңиштин кирип келгенин сценка аркылуу чагылдырышты. Адегенде жаш «актерлорубуз» толкунданып жатышса, заматта чыныгы солдат сымал майдандагы согушту кѳрсѳтүштү. Эн маанилүүсү соңунда :
Кѳзүмдѳ жаш, кѳѳдѳн толо кубаныч,
Кѳңүл учат, Жеңиш! Жеңиш! Жүрѳгүм сыз.
Кымбат турдун адамзаттын кѳзү жеткис,
Улуу Жеңиш! Улуу Жеңиш! Улуу Жеңиш!!!
деп кѳрүүчүлѳргѳ сүйүнүч тартуулап, майрадык маанайларын кѳтѳрүштү.
«Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фонду жана коомдук мектептин окуучулары дагы бир ирет Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктайт!
Айжамал Камбаралы кызы,
«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин окуучусу,
КРСУнун студенти.
Добавить комментарий