Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

Урмат Балыкчиевге жаш лидерлерден жардам

"Прогрессивдүү Демилгелер Фонду" коомдук фондусу, анын ичинде "Кыргызстандын жаш лидерлери" коомдук мектебинин студенттери жана "Ак Дил" айкөлдүк кыймылынын лидерлери УРМАТ БАЛЫКЧИЕВге жардам кѳрсѳтүштү.

Жасай турган иштерди сөз менен эмес, иш менен далилдөө – «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусунун негизги максаты. Бул ирет «Кыргызстандын жаш лидерлери» жана «Ак Дил» айкөлдүк кыймылы биргелешип, жаш баланын өмүрүн сактап калууга чоң көмөк көрсөтүштү. Тактап айтсак, 30-майдан 1-июнга чейин Балыкчиев Урмат аттуу тубаса жүрөк оорусу менен ооруган кичинекей балага кайрымдуулук иштерин аткарышты. «Ак Дил» айкөлдүк кыймылынын лидерлери жана «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин студенттери кеңешип, 30-майда базар жана мечиттерге бөлүнүп, акча чогултууга чыгышса, 1-июль – «Балдарды коргоо күнүндө» Кыргыз Мамлекеттик Техникалык университетинде жарманке уюштурушту.  

Айтылгандай эле, базарларга барып акча чогултуунун, жарманке өткөрүүнүн негизги максаты – Балыкчиев Урматтын операциясына материалдык жактан жардам көрсөтүү. Операция жасоо 85000 сомду талап кылынгандыктан, андай суммадагы акчаны тез арада табуу, Урматтын үй-бүлөсүнө кыйын эле. Жаш лидерлер жаш баланын өмүрүн сактап калышы үчүн чын дилинен колдоп, иш-чараларга активдүү катышышты.

 Ал эми Балыкчиев Урматтын тубаса жүрөк оорусу менен, аталган фонд кантип кабардар болгонун, ким кайрылганын билүү үчүн «Ак Дил» айкөлдүк кыймылынын лидерлеринин бири Тохтиев Нурсултанга кайрылдык: «Буга чейин карылар үйүнө кайрымдуулук иштери боюнча көп эле барчумун. Мен барган карылар үйүнүн директору Максат эже менен жакшы тааныш болчумун. Ошол Максат эже бир күнү Урмат жөнүндө айтып калды. Урматтын апасы – Максат эженин келини экен. Ошентип, бул идеяны фондго, «Ак Дилдин» лидерлерине айтсам, колдошту. Бирок, бул демилге меники болгону менен, балдар-кыздар ишке ашып, ийгиликтүү аякташына чоң салым кошушту. Колдогон жана катышкан балдарга чоң рахмат деп айтар элем» - дейт демилгечи Нурсултан Тохтиев.

   Алдын-ала бардыгы сүйлөшүлгөн боюнча, 30-майда балдар-кыздар базарларга жана мечиттерге барып, элдерден кайрым сурашмак. Алар дагы өз ич ара үч-төрттөн бөлүнүп, элди аралашты. Базар жана мечиттерде кандай кызыктар болгонун, эмнелерди байкаганы жөнүндө Кеңешбек уулу Дастан: ««Ак Дилдин» лидерлери болуп кеңешип, керектүү документ, афишаларды алдык дагы, «Дордой» базарына бардык. Мен өзүм бирөөдөн сураганды жаман көрөм. Бирок, жаш бала үчүн чын жүрөгүмдөн катыштым. Базардан элдер ар кандай кабыл алышты. Элдин сапатын көрдүк. Ишенбестик болду. Ишенбегендерге справкаларын көрсөтүп, ишендирип айтып жаттык. Андан кийин «Дордойдогу» мечитке барсак, ал жакта да Урматка окшоп, жардам сурагандар көп экен. Чын айтайын, чыдап тура албайт экенсиң. Бооруң ооруйт экен. Ал жактан кеттик да Жунхайга бардык. Андан чыгып шаарга келип, көчө карай басып, элдерден акча чогултуп жаттык. Канчалык элден акча сураган кыйын болсо да, аягында биз керектүү сумманы чыгарып бере алдык» - деген өзүнүн байкоосун билдирди.

Жарманкенин башталышын «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусунун башкы директору Жумадилов Амангелди Жумадилович сүйлөп, өзүнүн Урматка каалоосун айтып, жарманкени ачып берди. Жарманкеге эртең мененки саат 10дон баштап эле кичинекей балдары менен ата-энелер келип жатышты. «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин студенттери тарабынан даярдалган столдун үстү даамдуу тамак, салат жана суусундуктарга толуп турду. Ошондой эле, колдон жасалган буюмдар көргөзүлүп, элдин колу-бетине сүрөттөр да тартылып жатты. Келип жаткан элди, андан дагы кичинекей наристелерди сүйүнтүп, ар кандай кызыктуу оюн-зооктор болуп, ал ортодо ыр, бийлер менен коштолуп турду.

«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин студенти Алмагүл Ишенбек кызы жарманке тууралуу: «Биздин максат: Урмат Балыкчиевге жардам көрсөтүү болчу. Биз кайрымдуу, боорукер адамдардын жардамы менен  85 000 сом чогултуп бере алдык. Жарманкеге аябай даярдандык. Мисалы, тамактарды жасоодо кээ бири түнү менен уктаган жок, кээ бирине жакындары жардам берди дегендей. Дагы кызыгы, биздин балдар да өз колунан жасалган таттуу тамактарды алып келишти. Бул жарманкеге баарыбыз активдүү катыштык десем болот» - деген оюн айтты.

Негизинен, жарманке Урмат үчүн болуп, Урмат үчүн максат коюлуп уюштурулган болсо да, жаш лидерлердин көнүл ачып, бири-бири менен дагы жакын болууга шарт түзгөн күн болду. Дегеним, «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинде да, «Ак Дил» айкөлдүк кыймылынын лидерлеринин арасында да, эң жаш катышуучу Жакшылык Бекназаров өзүнүн жашынан улуу балдар-кыздар менен ушундай иш-чараларда чогуу аралашып, иштешип келет. Жакшылык учурда болгону 14 жашта. Ал өзүнө окшогон балдардын убактысын бош кетирип, сейилдеп жүрө бербей, коомдук иштерге катышса деген тилегин айтат. Анткени, ал үчүн мекенге болгон сүйүү, кызмат бийик турат.

Ошентип, бир демилгени жалпылап көтөрүп чыгып, аны иш жүзүнө ашырып, жыйынтыгында Балыкчиев Урматка керектүү суммадагы акчаны чогултуп, аны үй-бүлөсүнө тапшырышты. Жыйынтыгын айта кетсек, балдардын базардан, мечиттерден чогултуп жана жарманкеден топтолгон акчанын суммасы – 104 474 сом болуп, ал эми дагы 10 000 сом жеке ишкер Эгембердиев Табылды Бердигулович тарабынан колдоо кѳрсѳтүүгѳ сѳз берилип, керектүү болгон суммадан да ашты. Жарманкенин аягында «Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун» директору Жумадилов Амангелди Жумадилович сүйлөп, ашкан акчаны онкологиялык борборго дары-дармектерди алып берүү үчүн жумшаларын айтты. Амангелди Жумадилович өзүнүн жыйынтыктоочу сөзүндө, балдарга ыраазычылык билдирип, «Ыраазычылык баракчасын» тапшырды. Ошентип, жарманкенин аягы жаш лидерлердин бий, оюн-зооктору менен аяктады. Ал эми биз Урматтын операциясы ийгиликтүү өтүп, Урмат келечекте Кыргызстандын азамат уулдарынан болуусун каалап кетмекчибиз!

 

Бул иш чараны уюштурууга кѳмѳк кѳргѳзгѳндүгү үчүн И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Дуйшеналиев Туратбек Болотбековичге, тарбия иштери боюнча проректору Белекова Гульмира Шаршенбаевнага жана жаштар комитетинин тѳрагасы Казаков Аваз Асановичге, Борбордук шайлоо комиссиясына, "Кыргызгазпромдун" ѳкүлдѳрүнѳ ыраазычылык билдиребиз.

 

Болотбек кызы Жылдыз,

«Кыргызстандын жаш лидерлери»  коомдук мектебинин окуучусу,

КНУнун студенти.  

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо