Кыялымдагы Кыргызстан аттуу жыйын болуп отту
Бишкек Гуманитардык Университетинин кинозалында 27-мартта «Кыялымдагы Кыргызстан-өлкөнүн өнүгүү модели» конкурсунун алкагында жолугушуу болуп өттү.
Бишкек Гуманитардык Университетинин кинозалында 27 мартта «Кыялымдагы Кыргызстан-өлкөнүн өнүгүү модели» конкурсунун алкагында жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда чогулгандар үчүн долбоор жөнүндө маалымат берилип, жогорудагы долбоордун ишке ашуусуна көмөк көргөзуп жаткандарга жана Прогрессивдүү Демилгелер менен тыгыз байланышта иштеп жаткан студенттер жана агай-эжейлерге ыраазычылык каттары тапшырылды.
Жолугуушуну Фонддун негиздөөчүсү Салымбеков А.М жана БГУнун ректору Мусаев А.И ачып беришти. Жана ошондой эле “Кыялымдагы Кыргызстан” долбооруна эксперт катары Американын Питтсбург университетинен атайын чакырылган экономика илимдеринин доктору жана профессор Чунг Янг Ли бул долбоор боюнча озунун оюн айтып, Кыргызстандын онугушуно туура келе турган модель таап чыгууга тилектеш болду.
Жолуушуунун акырында социалдык роликтерге катышкандарга жана комок корсоткон студенттерге ыраазычылык каттары тапшырылып, патриоттук маанидеги бий бийленип, ыр ырдалды.
Добавить комментарий