Фонд жаш окумуштуулардын жана мыкты адистердин уюму болуп саналат.
2012-жылдын декабрь айында «Прогрессивдүү демилгелер Фонду» коомдук фонду түзүлгөн. Негиздөөчүсү коомдук ишмер Аскар Салымбеков болуп саналат.
Фонд жаш окумуштуулардын жана мыкты адистердин уюму болуп саналат. Терең изилдөөлөрдүн, идеялардын, көз караш, мүмкүнчүлүктөрдүн топтому болуп саналат.
2012-жылдын декабрь айында «Прогрессивдүү демилгелер Фонду» коомдук фонду түзүлгөн. Негиздөөчүсү коомдук ишмер Аскар Салымбеков болуп саналат.
Фонд Кыргызстандын жаштарын бириктирүү менен көз карандысыз, күчтүү мамлекетти колдоого аракеттенет.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду – идеялардын генератору, «Биз Кыргызстандын идеялык картасы» стратегиялык долбоорунун алкагындагы өнөктөштөрдү бириктирүүчү борбор болуп саналат.
Бул долбоор коомдук болгондуктан, ар бир кызыгуучу тарап катышууга мүмкүнчүлүк алган. Элдин энчиси жана коомдук продукт боло турган бул долбоор жалпы аракеттин натыйжасында ишке ашат.
Бул долбоордун алкагында Фонд реалдуу жана виртуалдуу аянттарды түзүп, идеялардын таза таймашына шарт түзүп, алардын негизинде практикалык стратегияларды, конкреттүү сунуштарды, долбоорлорду иштеп чыгууга жол ачат.
Фонд коомдук жана мамлекеттик институттардын ортосундагы байланыш көпүрөнү куруп, чечим кабыл алуучу кызматкерлер менен демилгелүү адамдардын ортосунда тыгыз иштешүүгө жол ачат.
Добавить комментарий