Нарында «Жаш талант - 2015» сынагы өтөт
Уюштулуруп келе жаткан сынак тарыхка бай.
Жыл сайын Нарын областында «Балтаттуу» бейөкмөт уюмунун демилгеси аркылуу КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы өкүлүнүн колдоосу менен салттуу түрдө өткөрүлүп келе жаткан «Жаш талант» сынагы мына быйыл он сегизинчи жаздын көз ирмемин тосуп алып жатат. Үстүбүздөгү жылдын 24–25-апрелинде Нарын шаарында мектеп окуучуларынын арасында «Жаш талант – 2015» аттуу областтык кароо-сынагын өткөрүү күтүлүүдө. Сынактын негизги максаты – өсүп келе жаткан жаш муундардын чыгармачылыкка, элдик дастандарга кызыгуусун арттырып, ички көрөңгөсүн байытуу, жаш таланттардын бири-бири менен тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү болуп саналат. Сынактын башкы демөөрчүсү – “Эмгек” саясий партиясы.
Уюштулуруп келе жаткан сынак тарыхка бай. Бул жылдардын аралыгында сынак өсүп-жетилүү калыбынан жазбай, өз уясынан көптөгөн таланттарды учуруп, тушоосун кести. Алардын айрымдары бүгүнкү күндө өлкөгө белгилүү өнөр ээлеринен болушту, мыктынын мыктысы деп тандалгандар бир нече ирет Туркия өлкөсүндө, Кытай жергесинде өткөн Эл аралык сынактарга катышып, Гран-приден баштап, байгелүү башка орундарды багындырышты.
Дал ушул сынактын демилгечиси, жаш таланттарга ар тараптан колдоо көрсөтүп келаткан «Балтаттуу» бейөкмөт уюмунун төрайымы, саясат таануу илимдеринин доктору Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиеванын эмгеги зор.
Иш-чаранын калыстар тобуна адаттагыдай эле Бишкектен көрүнүктүү искусство жана маданият чеберлери чакырылды. Алып айтсак, таланттуу художник Орозбек Абсаттаров, манасчы Замир Баялиев, КР Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Өмүрзакова ж.б. жаш таланттардын өнөрүнө калыстык менен баа беришмекчи. 24–25-апрелде өтчү «Жаш талант – 2015» областтык кароо-сынагында көптөгөн жаңы ысымдар аталып, жаш жылдыздардын жарыгы жана бермекчи. Анда эмесе, «Жаш талант» сынагынын быйылкы таштаган кадамы байсалдуу болсун!
Добавить комментарий