Встреча доцента КНУ с молодыми лидерами
К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде «Кыргызстандын жаш лидерлери» II - коомдук мектептин студенттеринин социология илиминин кандидаты, Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти, «Акыл-Тирек» сыйлыгынын номинанты, тренер – Кошбакова Батма Муктаровна менен «Алдыга умтулууну түзүү» темасында болгон жолугушуусу өттү.
К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде «Кыргызстандын жаш лидерлери» II - коомдук мектептин студенттеринин социология илиминин кандидаты, Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти, «Акыл-Тирек» сыйлыгынын номинанты, тренер – Кошбакова Батма Муктаровна менен «Алдыга умтулууну түзүү» темасында болгон жолугушуусу өттү.
Тренингдин түпкү пикири - уюмдун байгерлигине таасир этчү кызматкерлер эффективдүү жумуш кылуусуна зарыл, мотивация жана түрткү берүү сыяктуу, персоналды башкаруу боюнча заманбап ыкмалар менен лидерлер мектебинин катышуучуларын таныштыруу болду.
Андан башка, лекцияда себеп, стимул, муктаждык, максат сыяктуу биринчи көз карашта ошкош болуп турган сөздөрдү айырмалаганга жалпы түшүнүктөр каралды, персоналга мотивация берүү боюнча ар түрдүү ыкмаларды жана чет мамлекеттик менен Орусиялык мотивация концепциялардын салыштырма анализи көрсөтүлдү.
Жолугушуу учурунда коомдук мектептин балдарынын тренингге болгон кызыгуулары артып, коптогон суроолоруна тренер тарабынан ачык жана так жоопторду алышты.
Биография:
Кошбакова Б.М. озунун ишмердигин Ж.Баласагын атындагы КУУнун «Социология» адистигинин магистрдигин кызыл диплом менен аяктоо менен баштаган. Озунун педагогикалык кызматында 8 жылдан бери тренинг өтуп келет. Кошбакова Б.М. өтүп жаткан сабактары техникалык, биргелешкен жана стратегиялык оюндары, өнүгүүгө машыгуу жана «Action» тренингдик стили менен коштолот.
Кызмат аралыгында Кошбакова Б.М. тарабынан 1 «Социология» окутуу материалы жана 1 «Социологиялык курстарынын тесттик жыйнагы» окутуу-методикалык материалы жана Кыргызстанда, Казахстанда жана Россияда илимий жана методикалык мүнөздөгү 25тен ашуун жарыялары чыккан.
«Социомаданияттык салтты онуктуруу өзгөчөлүктөрү жана кыргыз элинин заманбап шарттагы салттары» (2013-ж.) жана «Илимий изилдөөлөрдүн заманбап методдору» (2013-2014-жж.) темаларында Ж.Баласагын атындагы КУУнун илимий изилдөөлөрүнө Грант утуп алган.
Илимий - педагогикалык ишмердүүлүгүнүн учурунда "Ж. Баласагын атындагы КМУнин эң мыкты жаш мугалими" аттуу сыйлыгына ээ болду. Илимий-изилдөө, педагогикалык жана коомдук ишмердүүлүгүндө жетишкендиктери үчүн бир нече ирет Ардак грамоталар менен сыйланган. 2010 жылы 10чу ноябрьда, Илимдин күнүнө арналып уюштурулган Кыргыз Республикасынын жаш окумуштуулардын Биринчи Форумунда эң мыкты илимий иштердин конкурсунда Ардак грамотасына ээ болгон. 2009чу жылы ноябрьда өткөн эң мыкты илимий иштерди аныктоо боюнча конкурстун Лауреаты, Кыргыз СССР мамлекеттик премиясынын лауреаты, профессор, ф.и.д. Табалдиев Асанбек Табалдиевич атындагы стипендияга 2010 жылы ээ болуп, 2014-чү жылы КФ "Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун" "Акыл Тирек" наамына ээ болгон.
Проект менеджер Турсуналиева Нуржана
Добавить комментарий