22-май күнү коомдук мектебибиздин жаш лидерлеринин Табылды Бердигулович менен жолугушуусу.
22-май күнү Бишкек Гуманитардык Университетинде коомдук мектебибиздин жаш лидерлеринин Эгембердиев Табылды Бердигулович менен жолугушуусу.
22-май күнү Бишкек Гуманитардык Университетинде коомдук мектебибиздин жаш лидерлерине белгилүү жеке ишкер Эгембердиев Табылды Бердигулович келип, бардык кызыктырган суроолорго жооп берип, кызыктуу маек куруп берди. Жаш лидерлерибизге пайдалуу болсун деп ѳзүнүн жашоо турмушунан алынган кеңештери менен бѳлүштү:
- Бул жашоодо ѳз ордуңду таап, сен жасаган ишти эл талап кылып турса - сен бактылуусуң;
- Бизнесмен, менеджер эмесмин, ЖАРАТМАНМЫН;
- Максат койгондон кийин жетиш керек;
- Ийгиликке чыдамкайлык керек;
- Жашоонун маңызы: Сүйүктүү ишиң болушу керек, ошол ишиң коомго пайда алып келиши керек;
- Күн сайын убакыт бат ѳтүп, жетишпей жаткандай сезилет. Чынында эле мага убакыт жетишпейт, убакытым аз;
- Мага эч ким жардам берген эмес;
- 1987-жылы апама:"Кыргызга аттын кашкасындай белгилүү адам болом", - дедим;
- Мен силердин ордуңарда болсом 5 тилде сүйлѳмѳкмүн;
- Башкы капитал - мээңде;
- Татаал жазылган китепти да, жѳнѳкѳй сѳз менен айтса болот;
- Бир баштаган ишти аягына чыгарам;
- Адам ѳз бактысы үчүн күрѳшүшү керек;
- Шайлообек Дүйшеевдин "Агындыларын" окугула. Андай китеп окуган эмесмин. Кайталап окусам да, жаңыдан окугандай болом.
Добавить комментарий