Сариев Темир Аргембаевич менен болгон жолугушуу
2014-жылдын 29-октябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинде «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин Кыргыз Республикасынын экономика министри Сариев Темир Аргембаевич менен жолугушуусу болуп өттү.
2014-жылдын 29-октябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинде «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин Кыргыз Республикасынын экономика министри Сариев Темир Аргембаевич менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда, бул коомдук мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрү жана «Акыл Тирек» конкурсунунун жаш окумуштуулары да катышышты.
Жолугушууну фонддун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов ачып, катышуучулар менен тааныштырып өттү. Андан соң, сөз Темир Аргембаевичке берилип, ал өзү тууралуу кыскача маалымат берген соң, дуйнөлук экономика жана Бажы биримдиги, Кыргызстандын экономикалык абалы жана келечеги боюнча сөз кылып, андан ары жолугушуу кызыктуу болушу үчүн суроо-жоопко өттү. Коомдук мектептин студенттери экономика, бизнес, жаштарга болгон көз карашы, өлкөбүздүн келечеги жана министрдин эмгек жолуна чейин суроолорун узатып, баалуу маалымат ала алышты. Жолугушуунун соңунда Фонд тарабынан Темир Аргембаевичке каалоо-тилектер айтылып, ыраазычылык баракчасын жана белектер тапшырылды.
Добавить комментарий