Жалал-Абад шаарындагы «Кел бөлүшөлү» долбоору аяктады
Андан сырткары, долбоордун алкагында Сузак районунун Сафаровка айылындагы №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнө жаш балдардын маанайын көтөрүү максатында ЖАМУнун лидерлери менен биргеликте кайрымдуулук акциясын өткөрүштү.
Жалал-Абад шаарынын жаш лидерлерине «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин такшалган билимдүү 5 бүтүрүүчү, жаш тренерлери “Кел бөлүшөлү” аттуу 1 жумалык тренингтерин абдан кызыктуу өткөзүп келишти. Жаш лидерлердин ушул сыяктуу тренингтерге кызыкдар экендиги, биринчи күндөн баштап эле алардын көздөрүнөн байкалып турду. Бул тренингтерге Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттеринен сырткары, Жалал-Абад шаарынын мектеп мугалимдери жана окуучулар да катышты.Тренинг учурунда катышуучулар кызыгуу менен катышып, көптөгөн суроолоруна жооп ала алышты. Тренерлер тарабынан даярдалган презентациялар бардыгына жагып, ар түрдүү интерактивдүү оюн-зооктор менен коштолуп жатты.
Андан сырткары, долбоордун алкагында Сузак районунун Сафаровка айылындагы №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнө жаш балдардын маанайын көтөрүү максатында ЖАМУнун лидерлери менен биргеликте кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. Жаш волонтерлор өздөрүнүнү оюн-зоок, концерттик программаларды тартуулашып, жаш балдардын арасынан да таланттуу, тамашакөйлүү жана ар тараптуу өнүккөн жаш балдар өздөрүнүн концерттик номерлери менен коштолду. Мындан сырткары дастаркон үстүндө чын көңүлдөн маектешип, жаш балдарга кичине болсо да белек-бечкектерин тартуулашты. Балдар үйүнүн мүдүрү Маматова Бегайым Маматовна өз сөзүндө жаш тренерлерге жана ЖАМУнун студенттерине ыраазычылыгын билдирип, жаш тарбиялануучу балдардын ишке ашырылган социалдык проекттери, жетишкендиктери тууралуу да белгилеп кетти.
Тренингтердин салтанаттуу жабуу аземинде тренингтин катышуучуларына бир жумалык курстарга катышкандыгын күбөлөндүргөн сертификаттар тапшырылды. Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун атынан “Кел бөлүшөлү” долбооруна колдоо көрсөткөндүгү үчүн ЖАМУнун ректоруна жана мугалимдерине, жаштар комитетинин төрагасына жана катышуучулардын активдүүлүгүн камсыздаган активистерге ыраазычылык каттары тапшырылды. Аягында Жалал-Абад шаарынын жаштары Прогрессивдүү Демилгелер Фондуна жана жаш тренерлерге терең ыраазычылыктарын билдиришип, каалоо-тилектерин айтып кетишти.
Добавить комментарий