Живи Урматик
2014-жылдын 1-июнунда Коомдук фонд «Прогресивдүү Демилгелер Фонду» И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен, «Ак Дил» жаш волонтердук кыймылы жана «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин лидерлери менен биргеликте кайрымдуулук жарманкесин өткөрдү.
2014-жылдын 1-июнунда Коомдук фонд «Прогресивдүү Демилгелер Фонду» И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен, «Ак Дил» жаш волонтердук кыймылы жана «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин лидерлери менен биргеликте кайрымдуулук жарманкесин өткөрдү.
Кайрымдуулук жарманкенин негизги максаты - өтө оор онкологиялык жана жүрөк оруу формасы менен оруган кичинекей балдарга жардам көрсөтүү. Акыркы жылдары медицинанын жетишкендиктеринин натыйжасында онкологиялык жана жүрөк оруулуу кичинекей балдардын жашоосу узартылууда, көбү толук айыгууда десек жаңылышпайбыз. Ар кандай оорууларды дарылоодо ар бир этапта керектүү иш-чараларды убагында өткөзүү манилүү: диагностика, дарылоо, ремиссия. Дарылоонун кымбаттыгы көптөгөн финансылык кыйынчылыктардын катары, көпчүлүк учурларда бул процесстерге, балдардын үй-бүлөөлөрүнө таасир этет.
Ошоо себептен, биринчиден жардамга муктаж болгон оорулуу жаш балдарга жардам көрсөтүү чечилди. 2009-жылкы Балыкчиев Урмат Каныбековичке жүрөк хирургия жана орган транспортациялоо Илим-изилдөө институту диагноз койгон. ВПС клиникалык диагнозу, жүрөктүн бир карынчасына жакын арада оперция пландаштырылууда.
Кайрымдуулук акцияда студенттер өздөрү жасап келгел ар түрдүү тамактарын алып келип, андан тышкары Беловодский айылындагы майып бала үйүнөн колго жазалган буюмдар жарманкеге алып келинип сатылды.
Мындан сырткары көпчүлүктүн назарына жарманкеде: ар кандай улуттук кийимдер, кытай жазуулары (иероглифтер), атайын танышуу бурчу, ар бир каалаган киши өздөрүн же балдарын сүрөткө тартып ала турган “Симсон үй-бүлөөсү” сүрөтү менен фоторамкалар, профессионалдуу макияж жана чач жасагалоо кызматы, көчө музыкантары, колго жазалган сөйкөлөр жана билериктер, студенттер өздөрү колго жасаган улуттук моюн орогучтар, сумкалар, шапкалар, тапочкалар, бижутериялар, сүрөттөр ж.б. болду.
Өзгөчө Бишкек ЖОЖдордун студентеринин күчү менен тузүлүп даярдалган концерттик программаны белгилесек болот. Программада вокалисттер, КВН, ар түрдүү жанрдагы бийлер, фокусниктер жана башкалар коюлду. Өзгөчө Доминика Республиканын музыкалдуу стили жана “Бачата” бийи көнүлүбүздү бурду, ал бий Кариб бассейндеги латиноамерикалык шаарларында жана СШАдагы латиноамерикалык коомдо жакшы таанылган. Жарманкеге катышкан жаштардын көбү «Бачата» бийинин ритмине кошулуп бийлеп жатышты, Бавланкулов Бекжан жана Конурбаева Сабиранын концертик номери И.Раззаков атындагы КГТУ мейкиндигиндеги элдин манайын ачты.
Мындан дагы Иса Мамышев менен Рифат Батыров жандыруучу «Лезгинка» бийин бийлешти, ал бийди кавказ балдары сыймыктанып, өтө жакшы деңгелде аткарышты.Ошол топтолуп тургандардын арасынан кээбир жигиттер ортого чыгып бийлеп жатышты, калгандары бийлегендерди карап кол чабып колдоп турушту.
Мындан тышкары И.Раззаков атындагы КГТУ, техникалык факультетинин 3 курс студенти – Кыдыралиева Аида «Спектакль окончен» жана «Улыбайся» аттуу эки шайырдуу ырларын ырдап чыкты. Биздин концерттик программанын эң жаш аткаруучусу Жамгырчиев Адилеттин дагы көнүлү кош калган жок, ал кыргыздардын “Кара Жорго” улуттук бийин аткарып жарманкеде катышып жаткандардын манайын көтөрдү. Жаш бийчиге Прогрессивдүү Демилгелер Фонддунун башкы директору Жумадилов Амангелди Жумадилович акчалай сыйлык бергени да кубандырды.
Кайрымдуулук акциянын негизги максатын улай «Ак Дил» жаш волонтердук кыймылы жана «Кыргызстан жаш лидерлери» Коомдук мектебинин балдары Бишкек шаарындагы «Дордой», «Орто-Сай» базарларында жана мечиттеринде акцияны жүргүзүшүп - 104 474 сома акча каражатын чогултушту. (01.06.2014 жылы протоколдун негизинде бектитилди).
Бул сумма Балыкчиев Урматын операциясына керек болгон суммадан ашты. Ооруган балага 85 миң сом жардам керек болгон, ал каражаттар «Ак Дил» жана «Кыргызстан жаш лидерлери» проекттеринин волонтерлордун алдында Урматтын апасына берилди. Балдар менен бирге чечимге келип, калган акчаны онкологиялык жана жүрөгү оору болуп ооруган балдарга дарыны алып берүүгө чечтик. Жарманкеге демөөрчү катары «Кыргызгазпом» компаниясынын башкы директордун орун басары жана өкүлдөрү катышып Урматтын апасына акча тапшырышты.
Эми жакын арада биз алган маалыматтар боюнча Балыкчиев Урматтын өтө оор операциясы өтөт. Урматка опреациясы ийгиликтүү өтүүсүн калайбыз.
Кымбаттуу Урмат! Сага чын ден соолук калайбыз, жылмаюу жүзүңөн эч качан кетпесин. Баарыбыз сени колдойбуз, Кудай буйруса баары жакшы болот. Урмат, сага ийгилик, биз сени өз баладай көрөбүз, кыска арада сени жакшы көрүп калдык, сенин тагдырын жана өмурүң биз үчүн абдан маанилүү…
долбоор менеджери Турсуналиева Нуржан
Добавить комментарий