“Космопарк” эс алуу борборунда болуп ѳткѳн “Биримдик” спектакли кѳрүүчүлѳрдүн ыраазычылыгын тапты.
2014 –жылдын 25-апрелинде “Космопарк” “Космопарк” эс алуу борборунда кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматованын жетекчилиги астында эмгектенген “Тунгуч” чыгармачыл театры турмуштун терең философиялык суроолорун баяндаган, инсандын ички чыгармачыл дүйнөсүн таң калтырган спектаклды көрүүчүлөргө тартуулады.
Фонддун негиздөөчүсү Салымбеков Аскар Мааткабылович спектаклга келген конокторго кайрылып: “Кыргызстанда искусство дүйнѳсүнүн өтө чоң балуулуктары бар, андыктан аны колдоо, өнүкүрүү жана алдыга жылдыруу зарыл. Социалдык жана маданий тармактардагы иш чараларды, долбоорлорду Прогрессивдүү Демилгелер Фонду буга чейин дагы ишке ашырып келет. Инсандын руханий баалуулуктарын кѳтѳрүү жана коомдо ак ниеттүүлүктү, адилеттүүлүктү орнотуу, көркөмдүү турмушту куруу учун элге ушундай иш чараларды өткөрүү керектигин” – белигиледи жана келечекте дагы искусство тармагындагы иш чараларга колдоо көрсөтүлө тургандыгын айтып ѳттү.
Спектаклдын көрүүгѳ 350дөн ашык адам келди. Маданият жана искусствого көңүл кош карабаган коноктордун арасында Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун Коомдук мектебинин окуучулары менен “Ак Дил” кыймылынын жаш лидерлери, борборубуздагы ЖОЖнун студенттери, “Зеленстрой” мунципалдык ишкананын өкүлдөрү, ММК өкүлдөрү, Бишкектин тургундары, Октябрь районунун №17, №3 орто мектебинин окуучулары, Учкун кароосуз балдардын мекемесинин балдары жана атайын Фонддун демилгеси менен алынып келинген Воронцовка айылындагы Чуй областык гимназия – мектебинин балдары болушту.
Спектаклдын негизги идеясы – терең жана виртуоздук драмалык формада окуяны чагылдыруу болду. Анын негизин адамзаттын кылган ишинин натыйжасы жана анын залакасы тууралуу баян түзөт. Бул кызыктуу жана таң калыштуу окуяда менменсинүү жана боорукердик, күнөөлүү болуу сезими жана алаамат айтылмакчы. Коргосуз жаныбарлардын бийик сапатты көрсөтүп биригүүсү бириге албай касташып жаткан адамзатка чоң сабак катары берилди.
Ж. Сейдакматованын белгилеп ѳткѳнүндѳй: “Бул спектакль апрелдеги трагедиялуу окуялардан кийин терең ойлонуунун негизинде пайда болуп, ар бир Кыргыз атуулунун жүрөгүндө из калтыруучу чыгарма болуп саналат. Өзгөчө биз, культура жана искусствонун адамдары, ал окуяларды ѳтѳ сезимталдык менен кабыл алдык жана ага чыгырмачылык аркылуу жооп кылгыбыз келди. Алгачкы аты “Симул” деп аталган, ал латин сөзү, кыргызчага которгондо “Биримдик”, орусчасы “Вместе”. Азыркы заманда эл улутка гана бөлүнбөстөн, региондорго болүнүп жатканын баарыбыз күбөө болуп жатабыз. Мен терең ишенимимде бул чыгарма мамлекеттүүлүктү бекемдѳѳдѳ биздин жаш муундарга ѳз таасир тийгизет.
Спектакль ѳтѳ кызыгуу менен кѳрүүчүлѳр тарабынан кабыл алынып, белгиленген 55 минуттук убакыт кѳз ирмемде ѳттү. Акырында кѳрүүчүлѳр Тунгуч театрына жана Фондко ѳз ыраазычылыктарын билдиришип кѳңүлдүү маанайда тарашты.
Ошондой эле спектакль бүткөн соң театрдын көркөм жетекчиси – кыргыз эл артиси – Жамал Сейдакматова жаш актердорду таныштырып өттү, андан тышкары Аскар Салымбековго жана Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун өкүлдөрүнѳ иш чараны уюштурууга колдоо көрсөтүшкѳндүктѳрү үчүн жана келген кѳрүүчүлѳргѳ активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип ѳттү.
Добавить комментарий