Онкологиялык оорулар менен ооруган жаш балдарга жардам берүү үчүн кайрымдуулук акция пресс-релиз
Кайрымдуулук жарманкесинин негизги максаты – оор калыптагы онкологиялык оорулар менен ооруган жаш балдарга жардам берүү.
ПРЕСС-РЕЛИЗ
оор калыптагы онкологиялык оорулар менен ооруган жаш балдарга жардам берүү үчүн кайрымдуулук акция
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду, И.Раззаков атындагы Кыргыз МамлекеттикТехникалык Университети жана “Ак Дил” жаштар волонтерлордун кыймылы менен бирге кайрымдуулук жарманкесин уюштурууда.
Кайрымдуулук жарманкесинин негизги максаты – оор калыптагы онкологиялык оорулар менен ооруган жаш балдарга жардам берүү. Медицинанын жетишкендиктеринин натыйжасында, акыркы 10 жылдын аралыгында онкологиялык оорулар менен ооруган жаш балдардын жашоо убакыты көбөйүп, көбүнчөсү толук сакайып кетүүдө. Ошондуктан ушундай иш - чараларды дарылоонун ар бир этабында өткөрүү - абдан маанилүү болгонун баса белгилеш керек. Дарылоонун кымбаттуулугуна байланыштуу пациенттердин үйбүлөлөрү каражат издөөдө кыйынчылыктарга кез болушат. Жарманкенин жүрүшүндө ЖОЖдордун студенттери уюштурган концерт өтөт. Программада: обончулардын, КВНчилердин, фокусчулардын номерлери, ар кайсы жанрдагы бийлер, жана башкалар болот. Өздөрүнүн колго жасалган буюмдарын жана азыктарын ар кайсы университеттердин студенттер келгендерге сатышып, түшкөнкаражатты бул кайрымдуулук ишине жумшоону пландаштырышууда. Кайрымдуулук акцияга онкологиялык оорулар менен ооруган жаш балдарга көңүл кош карабаган бардык мекендештерди чакырабыз.
Балыкчиев Урмат Каныбекович, 2009 жылы төрөлгөн. Жүрөк хирургия жана органдардын трансплантация илимий – изилдөөчү институт койгон диагнозу: тубаса жүрөк оорусу (врожденный порок сердца).
Кайрымдуулук жарманке Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде(Бишкек ш. Тынчтык к. 66А) 2014ж. 1 июнь саат 10:00дө башталат.Сурап-билүү телефону - 0312 690547
Кирүү акысыз
Добавить комментарий