Жарманке 23-май 2014-жылы КМКТАУда, Бишкек шаары, Малдыбаев 34 «б», саат 9:30 да башталат.
Жарманке 23-май 2014-жылы КМКТАУда, Бишкек шаары, Малдыбаев 34 «б», саат 9:30 да башталат.
ПРЕСС-РЕЛИЗ
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана АрхитектураУниверситети менен биргеликте 2014-жылдын 23-майында ВАКАНСИЯЛАР ЖАРМАНКЕСИН уюштурууда.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду дайыма жаштардын өнүгүүсүнө багытталган демилгелерди колдоп келет. КМКТАУ менен биргеликте масштабдуу жана өзгөчөлөнгөн Вакансиялар жарманкесин өткөрүүнү сыкмык деп билет.
Жарманке 23-май 2014-жылы КМКТАУда, Бишкек шаары, Малдыбаев 34 «б», саат 9:30 да башталат.
Жарманкенин негизги максаты бүтүрүүчү курстарда окуган студенттерди иш орундар менен камсыз кылуу жана иш берүүчүлөргө мыкты кадрларды жумуш орундарына жана практикаларга тандап алууга шарттарды түзүп берүү болуп саналат.
«Практикага багытталган окутуу системасын ишке ашырууда жана бүтүрүүчүлөрдү орноштурууда КМКТАУ менен жумуш берүүчүлөрдүн кызматташтыгы» деген темада тегерек стол болуп, министрликтердин кадр маселелерин кароочу бөлүмдөрдүн өкүлдөрү жана 70тен ашуун ири ишканалардын өкүлдөрү, бизнес структурадан да катышышат.
Мындан сырткары жарманке учурунда жаштар АКЫСЫЗ ТРЕНИНГДЕРГЕ катыша алышат. «Резюмени кантип жазуу керек. Сүйлөшүүлөрдү кантип өтүү керек» сыяктуу темаларды ала алышат.
КМКТАУ белгилүү тармактардан сырткары, ири илимий борбор болуп саналат. Жылына 1750 специалистти даярдап, анын 65% үч багытты (компьютердик, чет тилдерди жана финансыны башкарууну) мыкты өздөштүрүшөт. 70% Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын, Жеке ишкерлер ассоциациясы жана жарандык коом бирикмелери тарабынан иш орундары менен камсыз болуп келет. Мындай кадамдарга өзгөчө жыл сайын өткөрүлүп келген Вакансиялар жарманкеси да чоӊ түрткү болуп саналат.
Жарманкеге юридикалык жана жеке тараптар чакырылууда. Бардык кызыктар компаниялар үчүн атайын демонстрация кылуучу аянтча шарттары түзүлөт. Ал жакта өз компаниларын презентациялоо менен бирге студенттердин иш таржымалдарын алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алышат.
Жарманкеге катыша турган ишканалар, өзгөчө тажрыйбалуу ишканалар өз ишмердүүлүгүн таанытуудан мурда мыкты кадрларды ачык түрдө тандап алуу менен жумуш рыногуна конкуренттүүлүктүн келип чыгышына да түрткү беришет.
Фонд бизнес компания жана ММКтарын жарманкени колдоого чакырат. Жаштардын потенциалын колдоп мамлекеттеги стабилдүү системалуулукту курууда ЖОЖлар менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты арттыруу негизги кадам болуп саналат.
Жарманкеге катышууну каалаган компаниялар үчүн каттоо до 21-май 2014-жыл.
Тегерек столго катышуучулардын каттоосу БАЗда 9.30да башталат.
Бардык суроолор боюнча төмөнкү даректерге кайрылууга болот:
КМКТАУ - 720020, Бишкек шаары, Малдыбаев 34 «б»;
тел.: +996 312 548360, факс: +996 312 5451, эл. почта: ustamedia@inbox.ru
Центр маркетинга и развития карьеры КГУСТА.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду - тел.: +996 690667, эл. почта: fpi.kg@mail.ru
Сайт: www.fpi.kg
Добавить комментарий