Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын экинчи “Акыл Тирек” конкурсу
Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын экинчи “Акыл Тирек” конкурсу башталды. Экономика, мамлекеттик башкаруу, социалдык долбоорлор жана илимий техникалык ачылыштар багыттары каралууда.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун алкагында Кыргызстандыктардын экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» салттуу жарышын уюштурууда. Конкурс мамлекет ичинде жана анын сыртындагы бардык Кыргызстан жарандары арасында өткөрүлөт. Катышуучулардын арасынан өнүгүүнүн жаңыча жолун сунуштагандар, жаңылануу менен мамиле кылгандар, өлкөнүн орчундуу маселелерин чечүүдө өзгөчөлөнгөн таасирдүү идея жана сунуштарды бере алгандар тандалат.
Конкурстун максаты - ɵзүбүздүн акылмандарыбыздын асыл ойлорун жана баа жеткис эмгектерин баалап, даңазалоо менен мамлекетибизде идеялык чоң бурулушка түрткү берүүчү, ири ɵзгɵрүүлɵргɵ негиз боло турган улуттук акыл казынабызды куруу болуп саналат.
Бул жылы конкурс үчүн мамлекеттеги жана коомдогу чечилбей жаткан кɵптɵгɵн маселелерди эске алуу менен атайын тɵрт багыт тандалган: экономика (толугу менен бир көйгөйдү чечүүгө арналган); мамлекеттик башкаруу (административдик-аймактык түзүлүш, кадрдык саясат, мамлекеттик мекемелердин иш процесстерин оптимизациялоо, коррупцияны жоюу, ж.б.); социалдык долбоорлор (билим берүү, маданият, даарылоонун сапаты жана жеткиликтүүлүгү, соцалдык инфраструктуранын өнүгүүсү, эне жана баланы коргоо, социалдык ишмердүүлүктү жайылтуу, ж.б.) жана илимий -техникалык долбоорлор/ачылыштар жана аны турмушта колдонуу.
“Акыл Тирек” наамы – 2013-жылы Фонддун негиздөөчүсү А.Салымбеков тарабынан түзүлгөн жана бүгүнкү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу стратегиялык изилдөөлөр жана жаңылануу жаатындагы алгачкы наам катары уникалдуу иштердин өнүгүшүнө түрткү берип келүүдө.
Конкурстук иштер 2014-жылдын 1-майынан 1-августуна чейин кабыл алынат. Жарыштын байге фонду – 500 000 сомду түзөт. Эӊ мыкты изилдөөнүн авторлору жогорку наамга жана акчалай сыйлыктарга ээ болушат.
Конкурска 23 жаштан жогорку Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөдө жашаган мекендештер катыша алышат. Кыргыз Республикасынын резидент жана резидент эмес уюмдарынын жана мекемелеринин атынан жооптуу адамдар катыша алышат. Конкурстун толук шарттары www.fpi.kg сайтынын «Долбоор - Акыл тирек – Бөлүм тууралуу» деген бөлүмдөрдө жайгашкан.
Фонд бизнес компанияларын, ММК, жеке тараптарды да мамлекеттин илимий потенциалын колдоого жана конкурстун негизги өнөктөштөрү болууга чакырат жана өлкөнүн стабилдүүлүгү менен өнүгүүсү үчүн биригүүгө ишенет.
Тел.: (0770) 057005, +996 312 690547, +996 312 690667, +996 312 690546,
Электрондук почта: fpi.kg@mail.ru
Сайт: www.fpi.kg
Добавить комментарий