Радио "Азаттык": “Азаттыктын” кабарчысы “Акыл-Тирек” сыйлыгын алды
05.11.2013 “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаев коомдогу көйгөйлөрдү ачык-айкын чагылдырып, сөз эркиндигинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Акыл-Тирек” сыйлыгына татыды.
Прогрессивдүү демилгелер фонду, Коомдук биринчи канал жана Росинбанк 7-ноябрь - Басма сөз күнүнө карата журналисттер арасында “Акыл-Тирек” сыйлыгын тапшырды. “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаев коомдогу көйгөйлөрдү ачык-айкын чагылдырып, сөз эркиндигинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Акыл-Тирек” сыйлыгына татыды. Ушундай эле сыйлык КТРК, 5-канал, НБТ телеканалдарынын кабарчылары жана бир катар гезиттердин, маалымат сайттарынын журналисттерине тапшырылды. “Акыл-Тирек” сыйлыгынын уюштуруучусу Аскар Салымбеков соңку кезде айрым маалымат каражаттары ушак-айыңга көбүрөөк көңүл буруп, аналитикалык макалалар жазылбай жатканына көңүл бурду. Иш-чарада Росинбанктын Кыргызстандагы жетекчиси Улан Сарбанов журналисттерге акчалай сыйлык тапшырды. Прогрессивдүү демилгелер фонду буга чейин жаш илимпоздор арасында “Акыл-Тирек” сынагын уюштурган болчу. (RK)
Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.
Фото галерея
Добавить комментарий