"Акыл Тирек" жеңүүчүлөрүнүн илимий конференциясы
25.10.2013 http://ktrk.kg/ky/content/akyl-tirek-synagy-zhurnalistter-arasynda-da-otot
Бүгүн Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Прогрессивдүү демилгелер фонду “Кыргызстандын идеялык картасы” деген долбоордун алкагында уюштурулган “Акыл-тирек: сунуштар жана пикирлер” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү. Конференция - сынак жыйынтыгы боюнча экономика жана мамлекеттик башкаруу тармагында тандап алынган, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өбөлгө боло турган илимий эмгектерди, сунуштарды жана алардын авторлорун коомчулукка таанытуу максатында уюштурулду.
Жакынкы күндөрү "Акыл-тирек" сынагы жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналисттер арасында да өтөт.
Жыйынга мамлекеттик кызматкерлер, эксперттер, жогорку окуу жайлардын жана Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери, бизнес жана каржы, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын алкагында Прогрессивдүү демилгелер фонду менен Кыргыз-Түрк "Манас" университети ортосунда кызматташтык меморандумуна да кол коюлду.
СЕБАХАТТИН БАЛЖЫ, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору: “Биргелешип иштеп, коомдун өнүгүүсүнө, мамлекеттин жыргалчылыгына жана жаштардын таалим-тарбия алышына салым кошуу үчүн, бул фонд менен биргелешип кол койдук.”
Фонддун мындай демилгесинин негизги максаты - “көз караштарды алмаштыруу”. Мамлекетке пайдасы тийген бир топ жарандардын эмгегин баалап, атайын статуэтка менен акчалай сыйлыктар да тапшырылды. Конференцияда буга чейин наам алгандар ортосунда пикир алмашуу болду.
АМАНГЕЛДИ ЖУМАДИЛОВ, Прогрессивдүү демилгелер фондунун башкы директору: “Мындай конференциялар биринчиси да, акыркысы да эмес, мындан кийин да болот. Бүгүнкү максатыбыз - акыл тиректердин сунуштарын, пикирлерин мамлекетке жеткирүү.”
Эми “Акыл-тирек” сыйлыктары “төртүнчү бийлик” деп эсептелген журналистика тармагында эмгектенгендерге да берилет. Жаратман ойлору бар, аналитикасы күчтүү, калк баалаган журналисттерге жарыяланган сынак жыйынтыгы, журналисттердин кесиптик майрамына карата чыгарылат.
АСКАР САЛЫМБЕКОВ, Прогрессивдүү демилгелер фондунун жетекчиси: “Коомго, эл-журтубузга керектүү материалдарды жазгандарды тандап, ушул “Акыл-тиректин” жеңүүчүлөрү кылсак деген комиссия иштеп жатат. 5-ноябрь, жакында болот, кудай буйруса. Жыйынтыктарын чыгарып, илимпоздорду кандай даңктасак, журналисттерди да ошондой даңазалап коёлу деген ой бар”.
Атайын жобо боюнча, “Акыл-тирек” эки багытта тандалат. Биринчиси - коллектив татыктуу кесиптештерин өзү сунуштайт. Буга чейин жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрүнө атайын каттар да жөнөтүлгөн. Экинчиси - элдик пикир да эске алынат, ал үчүн социалдык тармактар бар. Учурда фонддо 70ке жакын журналисттин талапкерлигин сунуштаган каттар бар.
Альбина Сулайманова, Батыр Зарлыков, КБК.
25.10.2013 http://ktrk.kg/ky/content/akyl-tirek-synagy-zhurnalistter-arasynda-da-otot
Добавить комментарий