Наверх
  • 0 (312) 620921

Пресса биз жөнүндө - Видео материалдар

"Акыл Тирек" жеңүүчүлөрүнүн илимий конференциясы

25.10.2013 http://ktrk.kg/ky/content/akyl-tirek-synagy-zhurnalistter-arasynda-da-otot

        Бүгүн Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Прогрессивдүү демилгелер фонду “Кыргызстандын идеялык картасы” деген долбоордун алкагында уюштурулган “Акыл-тирек: сунуштар жана пикирлер” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү. Конференция - сынак жыйынтыгы боюнча экономика жана мамлекеттик башкаруу тармагында тандап алынган, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өбөлгө боло турган илимий эмгектерди, сунуштарды жана алардын авторлорун коомчулукка таанытуу максатында уюштурулду.
 Жакынкы күндөрү "Акыл-тирек" сынагы жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналисттер арасында да өтөт.  

Жыйынга мамлекеттик кызматкерлер, эксперттер, жогорку окуу жайлардын жана Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери, бизнес жана каржы, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын алкагында Прогрессивдүү демилгелер фонду менен Кыргыз-Түрк "Манас" университети ортосунда кызматташтык меморандумуна да кол коюлду.

СЕБАХАТТИН БАЛЖЫ, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору: “Биргелешип иштеп, коомдун өнүгүүсүнө, мамлекеттин жыргалчылыгына жана жаштардын таалим-тарбия алышына салым кошуу үчүн, бул фонд менен биргелешип кол койдук.”

Фонддун мындай демилгесинин негизги максаты - “көз караштарды алмаштыруу”. Мамлекетке пайдасы тийген бир топ жарандардын эмгегин баалап, атайын статуэтка менен акчалай сыйлыктар да тапшырылды. Конференцияда буга чейин наам алгандар ортосунда пикир алмашуу болду.

АМАНГЕЛДИ ЖУМАДИЛОВ, Прогрессивдүү демилгелер фондунун башкы директору: “Мындай конференциялар биринчиси да, акыркысы да эмес, мындан кийин да болот. Бүгүнкү максатыбыз - акыл тиректердин сунуштарын, пикирлерин мамлекетке жеткирүү.”  

  Эми “Акыл-тирек” сыйлыктары “төртүнчү бийлик” деп эсептелген журналистика тармагында эмгектенгендерге да берилет. Жаратман ойлору бар, аналитикасы күчтүү, калк баалаган журналисттерге жарыяланган сынак жыйынтыгы, журналисттердин кесиптик майрамына карата чыгарылат.

АСКАР САЛЫМБЕКОВ, Прогрессивдүү демилгелер фондунун жетекчиси: “Коомго, эл-журтубузга керектүү материалдарды жазгандарды тандап, ушул “Акыл-тиректин” жеңүүчүлөрү кылсак деген комиссия иштеп жатат. 5-ноябрь, жакында болот, кудай буйруса. Жыйынтыктарын чыгарып, илимпоздорду кандай даңктасак, журналисттерди да ошондой даңазалап коёлу деген ой бар”.

Атайын жобо боюнча, “Акыл-тирек” эки багытта тандалат. Биринчиси - коллектив татыктуу кесиптештерин өзү сунуштайт. Буга чейин жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрүнө атайын каттар да жөнөтүлгөн. Экинчиси - элдик пикир да эске алынат, ал үчүн социалдык тармактар бар. Учурда фонддо 70ке жакын журналисттин талапкерлигин сунуштаган каттар бар.

Альбина Сулайманова, Батыр Зарлыков, КБК.

 

25.10.2013 http://ktrk.kg/ky/content/akyl-tirek-synagy-zhurnalistter-arasynda-da-otot

 

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо