«АКЫЛ ТИРЕК» ДОЛБООРУ БОЮНЧА…
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун алкагында жыл сайын боло турган конкурстун б.а. «Акыл Тирек» 2014-II салтанаты боюнча Сиздин мекемеге башкы өнөктөштүк сунушун киргизүүдө.
«АКЫЛ ТИРЕК» ДОЛБООРУ БОЮНЧА…
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун алкагында жыл сайын боло турган конкурстун б.а. «Акыл Тирек» 2014-II салтанаты боюнча Сиздин мекемеге башкы өнөктөштүк сунушун киргизүүдө.
1. Экономика
2. Мамлекеттик башкаруу
3. Адам өнүгүүсү (билим берүү, саламаттык сактоо, коомдук маселелер)
4. Илимий-техникалык табылгалар (илим, технология, инженерия, математика)
Бул салтанат Бүткүл дүйнөлүк «Акыл Тирек» конкурсунун жыйынтыгы менен болмокчу. Конкурска Кыргызстан жарандары кайда гана болбосун катышып, жогоруда берилген багыттардыга сунуштаган илимий эмгектеринин жыйынтыгы менен өткөрүлмөкчү.
2014-жылдын январь айынан тартып Фонд жогоруда берилген багыттар боюнча жаңы илимий эмгектерди кабыл ала баштайт. Кабыл алуу, алгачкы жана комплекстүү экспертиза 3 айдан 6 айга чейин созулуп, ар бир эмгекке айырмалоочу номер берилет. Бардык эмгектер сайт аркылуу гана кабыл алынат. (Фонд кабыл мөөнөтүнүн башталышын кийинчерээк так аныктап кабарлайт).
Фонд төмөнкү жоопкерчиликти жана чыгымдарды алып барууда:
1. «Акыл Тирек» статуэткаларына жазууну бастыруу (50-60 даана);
2. Бардык катышуучуларга, жеңүүчүлөргө дипломдорду даярдоо;
3. Конкурстук эмгектерди топтоо, анализ кылуу жана комиссиянын чыгымдары;
4. Салтанатты өткөрүү үчүн ылайыктуу жерди ижарага алуу;
5. Концерттик программа;
6. «Акыл Тирек» китебин чыгаруу (тираж 1000 даана);
7. Залды тиешелүү түрдө кооздоо;
8. Фильм, видеороликтерди даярдоо;
9. Алып баруучуларды табуу жана чыгымдарын алуу;
10. Башка уюштуруу учурлары (программа, пресс-релиз, брошюра, буклет жана баннерлерди басып чыгаруу).
Фонд башкы өнөктөш катары салтанатта жеңүүчүлөр үчүн акчалай сыйлыктарды берүүгө чакырат. Ар бир тармак үчүн 250 миң сом бөлүнө турган болсо, жалпысы 1 000 000 сомду түзмөкчү. Ар бир тармак үчүн 1, 2, 3 орундар жана кошумча сыйлыктар каралат. Орто эсеп менен ар бир тармак үчүн 250 000 сом бөлүнө турган болсо, алар төмөнкүчө сарпталмакчы: биринчи орунга – 100 000 сом, экинчи орунга – 70 000 сом, үчүнчү орунга – 45 000 сом, кошумча сыйлыктарга - 35 000 сомдон.
Фонд өз тарабынан төмөнкү милдеттер аткарылат:
1. Мекеменин логотип\баннерин www.fpi.kg сайтына жайгаштыруу менен Сиздин сайтыңарга ссылкасын берүү;
2. Мекеменин логотип\баннерин analitika.fpi.kg сайтынын «Акыл Тирек» бөлүмүмнө башкы өнөктөш катары жайгаштыруу менен Сиздин сайтыңарга ссылкасын берүү
3. Сиздин компанияңыздын логотибин жана статусун бардык афишаларда, видеороликтерде көрсөтүү. Афишалар бардык ЖОЖларда жана социалдык түйүндөрдө илинет. (facebook, odnoklassniki, twitter…).
1. Сиздин компанияңыздын логотибин жана статусун видеоролик-анонсторго кошуп, diesel.elcat.kg, namba.kg, blive.kg жана КТРКда көрсөтүү. (КТРКада көрсөтүлө турган ролик жана атайын репортаждардын убактылары так билдирилет).
2. Сиздин компанияңыздын логотибин жана статусун жана маалыматтарды ММК, бизнес-структура, ЖОЖ, эл аралык уюмдарга, коомдук мекемемелерге жөнөтүлө турган чакырууларга жайгаштыруу.
3. Мекеменин логотип, статус жана башка маалыматтары ар бир пресс-релизде берилет. Пресс-релиздер www.fpi.kg сайтында жайгаштырылат. Бул пресс-релиздер жалпы массага татарылып, бардык ММКна, бизнес структураларына, ЖОЖларга, эл аралык уюмдарга, коомдук мекемемелерге жайылтылат.
4. Салтанаттын программасын мекеменин логотип, статус жана башка маалыматтарын жайгаштыруу.
5. Жетекчиликтен алынган интервьюну Фонддун видео отчетуна жана www.fpi.kg сайтынын «Интервью-пикир» бөлүмүнө жайгаштыруу.
6. Фонддун иш-чараларында өз баннеринерди, маалымат берүүчү рекламалык материалдарынарды, видеофильмиңерди көрсөтүүгө шарт түзүү. (ар бир шарт иш-чаранын форматына жана мүмкүнчүлүгүнө жараша кошумча такталат).
7. Салтанаттын алдында компаниянын кыскача ролигин көрсөтүү.
8. Алып баруучулар тарабынан башкы өнөктөш статусу менен Сиздин компаниясын баса белгилеп туру.
9. «Акыл Тирек» сыйлыгын сахнада Сиздин компаниянын өкүлү да тапшырмакчы.
10. КТРКда атайын көрсөтүү берилмекчи. (мөөнөтү такталып билдирилет).
Эскертүү. Видеоролик, анонс, пресс-релиздердин таратылышы жана трансляциялар, атайын репортаждардын мөөнөтү, датасы жери алдын ала билдирилип турмакчы.
Кызматташтыкта Фонд бардык ММК чыгарылган материалдар боюнча отчет даярдап бермекчи. Бардык тиешелүү, керектүү материалдар Сиздерге убагында берилип турат.
Фонд дайым кызматташтыкка даяр жана Сиздердин сунуштарыңыздарды да күтөт. Бардык суроолор боюнча төмөнкү даректерге кайрылсаңыздар болот.
Терең урматтоо менен
Фонддун башкы мүдүрү А. Жумадилов
Жооптуу - Сейталиева Бегимай, 0312 69 05 43, 0550 13 13 11, fpi.kg@mail.ru
Добавить комментарий