Наверх
  • 0 (312) 620921

Кызматташтыкка чакыруу

«АКЫЛ ТИРЕК» ДОЛБООРУ БОЮНЧА…

Прогрессивдүү Демилгелер Фонду «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун алкагында жыл сайын боло турган конкурстун б.а. «Акыл Тирек» 2014-II салтанаты боюнча Сиздин мекемеге башкы өнөктөштүк сунушун киргизүүдө.

 «АКЫЛ ТИРЕК» ДОЛБООРУ БОЮНЧА…

Прогрессивдүү Демилгелер Фонду «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун алкагында жыл сайын боло турган конкурстун б.а. «Акыл Тирек» 2014-II салтанаты боюнча Сиздин мекемеге башкы өнөктөштүк сунушун киргизүүдө.

 

1. Экономика

2. Мамлекеттик башкаруу

3. Адам өнүгүүсү (билим берүү, саламаттык сактоо, коомдук маселелер)

4. Илимий-техникалык табылгалар (илим, технология, инженерия, математика)

Бул салтанат Бүткүл дүйнөлүк «Акыл Тирек» конкурсунун жыйынтыгы менен болмокчу. Конкурска Кыргызстан жарандары кайда гана болбосун катышып, жогоруда берилген багыттардыга  сунуштаган илимий эмгектеринин жыйынтыгы менен өткөрүлмөкчү.

2014-жылдын  январь айынан тартып Фонд жогоруда берилген багыттар боюнча жаңы илимий эмгектерди кабыл ала баштайт. Кабыл алуу, алгачкы жана комплекстүү экспертиза 3 айдан 6 айга чейин созулуп, ар бир эмгекке айырмалоочу номер берилет. Бардык эмгектер сайт аркылуу гана кабыл алынат. (Фонд кабыл мөөнөтүнүн башталышын кийинчерээк так аныктап кабарлайт).

Фонд төмөнкү жоопкерчиликти жана чыгымдарды алып барууда:

1. «Акыл Тирек» статуэткаларына жазууну бастыруу (50-60 даана);

2. Бардык катышуучуларга, жеңүүчүлөргө дипломдорду даярдоо;

3. Конкурстук эмгектерди топтоо, анализ кылуу жана комиссиянын чыгымдары;

4. Салтанатты өткөрүү үчүн ылайыктуу жерди ижарага алуу;

5. Концерттик программа;

6. «Акыл Тирек» китебин чыгаруу (тираж 1000 даана);

7. Залды тиешелүү түрдө кооздоо;

8. Фильм, видеороликтерди даярдоо;

9. Алып баруучуларды табуу жана чыгымдарын алуу;

10. Башка уюштуруу учурлары (программа, пресс-релиз, брошюра, буклет жана баннерлерди басып чыгаруу).

Фонд башкы өнөктөш катары салтанатта жеңүүчүлөр үчүн акчалай сыйлыктарды берүүгө чакырат. Ар бир тармак үчүн 250 миң сом бөлүнө турган болсо, жалпысы 1 000 000 сомду түзмөкчү. Ар бир тармак үчүн 1, 2, 3 орундар жана кошумча сыйлыктар каралат. Орто эсеп менен ар бир тармак үчүн 250 000 сом бөлүнө турган болсо, алар төмөнкүчө сарпталмакчы: биринчи орунга – 100 000 сом, экинчи орунга – 70 000 сом, үчүнчү орунга – 45 000 сом, кошумча сыйлыктарга - 35 000 сомдон.

Фонд өз тарабынан төмөнкү милдеттер аткарылат:

1. Мекеменин логотип\баннерин www.fpi.kg сайтына жайгаштыруу менен Сиздин сайтыңарга ссылкасын берүү;

2. Мекеменин логотип\баннерин analitika.fpi.kg сайтынын «Акыл Тирек» бөлүмүмнө башкы өнөктөш катары жайгаштыруу менен Сиздин сайтыңарга ссылкасын берүү

3. Сиздин компанияңыздын логотибин жана статусун бардык афишаларда, видеороликтерде көрсөтүү. Афишалар бардык ЖОЖларда жана социалдык түйүндөрдө илинет. (facebook, odnoklassniki, twitter…).

1. Сиздин компанияңыздын логотибин жана статусун видеоролик-анонсторго кошуп,  diesel.elcat.kg, namba.kg, blive.kg жана КТРКда көрсөтүү. (КТРКада көрсөтүлө турган ролик жана атайын репортаждардын убактылары так билдирилет).

2. Сиздин компанияңыздын логотибин жана статусун жана маалыматтарды ММК, бизнес-структура, ЖОЖ, эл аралык уюмдарга, коомдук  мекемемелерге жөнөтүлө турган чакырууларга жайгаштыруу.   

3. Мекеменин логотип, статус жана башка маалыматтары ар бир пресс-релизде берилет. Пресс-релиздер www.fpi.kg сайтында жайгаштырылат. Бул пресс-релиздер жалпы массага татарылып, бардык ММКна, бизнес структураларына, ЖОЖларга, эл аралык уюмдарга, коомдук  мекемемелерге жайылтылат.

4. Салтанаттын программасын мекеменин логотип, статус жана башка маалыматтарын жайгаштыруу. 

5. Жетекчиликтен алынган интервьюну Фонддун видео отчетуна жана www.fpi.kg сайтынын «Интервью-пикир» бөлүмүнө жайгаштыруу.

6. Фонддун иш-чараларында өз баннеринерди, маалымат берүүчү рекламалык материалдарынарды, видеофильмиңерди көрсөтүүгө шарт түзүү. (ар бир шарт иш-чаранын форматына жана мүмкүнчүлүгүнө жараша кошумча такталат).

7. Салтанаттын алдында компаниянын кыскача ролигин көрсөтүү.

8. Алып баруучулар тарабынан башкы өнөктөш статусу менен Сиздин компаниясын баса белгилеп туру.

9. «Акыл Тирек» сыйлыгын сахнада Сиздин компаниянын өкүлү да тапшырмакчы.

10. КТРКда атайын көрсөтүү берилмекчи. (мөөнөтү такталып билдирилет).

 

Эскертүү. Видеоролик, анонс, пресс-релиздердин таратылышы жана трансляциялар, атайын репортаждардын мөөнөтү, датасы жери алдын ала билдирилип турмакчы.

Кызматташтыкта Фонд бардык ММК чыгарылган материалдар боюнча отчет даярдап бермекчи. Бардык тиешелүү, керектүү материалдар Сиздерге убагында берилип турат.

Фонд дайым кызматташтыкка даяр жана Сиздердин сунуштарыңыздарды да күтөт. Бардык суроолор боюнча төмөнкү даректерге кайрылсаңыздар болот.

Терең урматтоо менен

Фонддун башкы мүдүрү                                                                                  А. Жумадилов

Жооптуу - Сейталиева Бегимай, 0312 69 05 43, 0550 13 13 11, fpi.kg@mail.ru

 

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо