УЛУТТУК КРАУДСОРСИНГ-ПЛАТФОРМА
Краудсорсинг – информациялык технологиялардын жардамы менен адамдардын ресурсун мобилизациялоо менен мамлекеттин, коомдун, бизнестин алдында турган белгилүү маселелерди чечүү. . .
Улуттук краудсорсинг-платформа:
1) Краудсорсинг деген эмне:
Түшүнүк
Краудсорсинг – информациялык технологиялардын жардамы менен адамдардын ресурсун мобилизациялоо менен мамлекеттин, коомдун, бизнестин алдында турган белгилүү маселелерди чечүү. . .
Колдонулуш практикасы
Эркин энциклопедия Wikipedia.
Исландиядагы апофеоз Конституция долбоору. 2012-жылы Twitter жана Facebookтун жардамы менен ишке ашкан.
Финляндияда 2012-жылы Open Ministry платформасы ачылган. Жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу максатын көздөйт.
СШАда DARPA Crowd-Driven Combat Support Vehicle конкурсун уюшутуруп,жеңил брондуу автоунаа 98 күндүн ичинде курулган.
Кенияда журналисттер тарабынан 2008-жылы маалымат топтоо платформасы ачылган.
Орусияда «Стратегияылк изилдөөлөр агенттиги» тарабынан бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү максатында 12 жол карта түзүлгөн. Аны менен бирге кардарларды жеңил тейлөө максатында краудсорсинг «Сбербанк» үчүн кызмат кылууда.
2) Улуттук краудсорсинг-платформа:
Максаты
Коллективдик интеллектти коомчулуктун, мамлекттин пайдасына колдонуу.
Милдеттер
Кыргызстандагы болгон интелеектуалдардын акылын, билимин, тажрыйбасын топтоо, бириктирүү, профессионалдуу аянтта Коомдук документтерди иштеп чыгуу.
Мамлекет үчүн краудсорсинг-платформаны колдонуунун механизмдери:
1. Улуттук краудсорсинг-платформасы – бул виртуалдык аянтта коллективдик интеллект менен, белгиленген темага байланыштуу конкреттүү бир проблема боюнча сунушталган идеи жана информацияларды талкуулап, баалап, ал маалыматтар камтылган жыйнак документ чыгаруу болмокчу. Демек, краудсорсинг процессинин натыйжасында белгиленген тема боюнча маалыматтардын жыйындысынан турган документ келип чыгуусу зарыл.
2. Алгачкы даяр документ – бул алдыңкы идея жана маалыматтардын жыйындысы . Алар тема боюнча сунушталган идея маалыматтардын ичинен тандалып алынат. Бул документ коомдук документтин негизин түзөт.
3. Жумушчу топ – эң мыкты краудсорсерлер, фасилитаторлор, чакырылган специалист жана эксперттер, юристтер жумушчу топту түзүшөт. Мыкты краудсорсерлер улуттук краудсорсинг платформасындагы активдүү катышуучулар болуп саналат. Бул мыкты краудсорсерлердин идея жана маалыматтары эң мыкты деп баалангандыктан алар жумушчу топтун өзөгүн түзүшөт. Фасилитаторлор – бул платформадагы катышуучулардын иштерине көзөмөлдүк кылгандар. Ошондой эле жумушчу топ ишинин сапатын, эффективдүүлүгүн арттыруу максатында башка да иш билги адамдарды чакыра алышат. Жумушчу топтун негизги милдети белгиленген тема боюнча коомдук документти иштеп чыгуу.
4. Коомдук документ – бул жалпы коомчулуктун оюн билдирген жана мыкты идея, керектүү маалыматтарга таянган, коомдук маанилүү маселени чечүүгө багытталган, жол көрсөтүүчү документ. Коомдук документтер эки категорияда түзүлөт: коомдук стратегиялык документтер (КСД) жана коомдук жол карталар (КЖК).
5. Кварталдык форумдар – бул реалдуу аянттар болуп, ал жакта даяр документтер коомчулуктун жана мамлекеттик бийликтин алдында таанытылат жана жалпы талкулоого ташталат. Жумушчу топ коомчулуктун пикирин эске алып, кайра ал документтерди толуктап чыгат.
6. Рекомендация – бул коомдук документти сүрөө процесси. Документтер маалымат сайттарында, гезит, журналдарга (атайын түзүлө турган журналда да) жарыяланат, аны менен бирге тиешелүү мамлекеттик органдарга бул документтерди колдонуу жана ишке ашыруу сунушталат.
7. Натыйжалар: Биринчиден, компетенттүү адамдар тарабынан түзүлгөн коомдун пикирин эске алган коомдук документтер келип чыгат. Бул документтер мамлекеттин өнүгүүсүнө багытталып, мамлекеттик саясатты күчтөндүрөт. Экинчиден, акырындык менен бирге коомдук маселелерди чечүүнүн жолдорун курууну, коомдун интеллектуалдык патенциалын мамлекеттин жаркын келечигине колдонууну да үйрөнө баштайбыз. үчүнчүдөн, өзүбүздүн алдыңкы идея жана иш билги кадрларыбызды колдоо салтынан улам, коомдо жаңы өзгөчө идея жана кадрлардын жаралышына түрткү беребиз. Төртүнчүдөн, коом натыйжасыз куру сөздөн конкреттүү идеяны сунуштоо менен коомдук документтерге катышууга өтөт.
Конкреттүү мисалда механизмдин иштеши
А) Краудсорсингдин башталышы
Теманын такталышы – Кыргызстандагы коррупцияны кантип чечебиз?
Б) Краудсорсинг процесси
Суроо жана этаптарга бөлүү:
Биринчи этап жана суроо – Кыргызстанда коррупция кандай болууда? Милдет – коррупция тууралуу маалымат топтоо. Максат – Кыргызстандагы коррупциянын толук абалын көрсөтүү. Мөөнөт – 2 жума. Жеңүүчүлөр – тез жана эффективдүү түрдө милдетти аткарып, жигердүү түрдө талкууга катышкан инсандар. Жыйынтык – алгачкы даяр документ, Кыргызстандагы коррупция тууралуу толук маалымат.
Экинчи этап жана суроо – Коррупция менен күрөшүү боюнча дүйнөлүк тажрыйба? Милдет – коррупцияны жоюу боюнча кайсы мамлекет кандай иш-чара көргөндүгү тууралуу маалымат топтоо. Максат – дүйнөлүк мыкты тажрыбаны белгилөө. Мөөнөт – 2 жума Жеңүүчүлөр – тез жана эффективдүү түрдө милдетти аткарып, жигердүү түрдө талкууга катышкан инсандар. Жыйынтык – мыкты тажрыйба тууралуу толук маалыматты камтыган алгачкы даяр документ.
Үчүнчү этап жана суроо – Коррупция менен күрөшүүнүн конкреттүү жолун сунуштоо? Милдет – катышуучулар мурдагы этаптарды эске алып конкреттүү сунушун киргизүүсү зарыл. Максат - ар түрдүү тармактагы коррупция боюнча конкреттүү күрөшүү жолдорунун жыйындысы. Мөөнөт – 2 жума Жеңүүчүлөр – тез жана эффективдүү түрдө милдетти аткарып, жигердүү түрдө талкууга катышкан инсандар. Жыйынтык – мыкты ыкма баяндалган алгачкы даяр документ.
Төртүнчү этапжана суроо – Кайсы метод эң мыкты жана анын деталдуу кадамдары Милдет – конкреттүү иш-чараларды тизүү жана приоритеттүү ыкмаларды белгилөө. Максат – коррупция менен күрөшүүнүн деталдуу планын түзүү. Мөөнөт – 2 жума Жеңүүчүлөр – тез жана эффективдүү түрдө милдетти аткарып, жигердүү түрдө талкууга катышкан инсандар. Жыйынтык – коррупция менен күрөшүүнүн негиздүү, методдору ачылган, деталдуу планы бар алгачкы даяр документи.
В) Краудсорсингдин аякташы
Жеңүүчүлөрдү белгилөө жана жумушчу топторду түзүү: ар бир этап боюнча мыктыларды белгилөө, баалуу сыйлыктар менен сыйлоо жана Жумушчу топко киргизүү. Жумушчу топтун милдети: жалпы талкууга алгачкы даяр документтерден Коомдук документти иштеп чыгып, сунуштоо.
Керектүүлүк
1) Заман талабы жана биринчи чындык:
Заман талабы: коомдук маанилүү маселелер боюнча мамлекет конкреттүү план, программаларга муктаж..
Биринчи чындык: ар бир документ, программалардын эффективдүүлүгү компетентүү адамдардын көптүгүнөн, алардын билиминен көз каранды.(бир баш жакшы, эки баш андан жакшы).
2) Мамлекеттин потенциалы жана экинчи чындык:
Мамлекеттин потенциалы: коомдогу татаал абал коомго көп тажрыйбаны, маалыматты топтогонго шарт түзгөн..
Экинчи чындык: Эффективдүү документ иштеп чыгууга комомдун потенциалы жетиштүү. (ташталган үрүндүн үзүрүн көрүү мезгили келди).
3) Тарых сабагы жана үчүнчү чындык:
Тарых сабагы: бир жалгыз аппараттан коомдук жалпы документти күтүү мүмкүн эмес.
Үчүнчү чындык: Коллективдик акыл гениалдуу документти ойлоп чыга алат. Коомдун акылын колдонууга мезгил жетти
4) Чет өлкөлүк тажрыба жана төртүнчү чындык:
Чет өлкөлүк тажрыба: башкалар басып өткөн жолду туура тандоо жана туура колдонуу тез ийгиликке жеткире алат..
Төртүнчү чындык:: өз акыл казынасы, алдыңкы идеясы бар өлкө ийгиликтүү өлкө. .
Сизден эмнени күтөбүз?
Урматтуу жарандар, ар бириңер өз идея, сунушунар менен мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошо аласыз. Мамлекет мыкты программа, пландарга муктаж. Ошол себептен, мекенибиздин келечегине кайдыгер карабаган жарандарга улуттук краудсорсинг-платформага жигердүү катышууга жана www.fpi.kg сайтына катталууга чакырабыз!
Добавить комментарий