Наверх
  • 0 (312) 620921

Алдыңкы идеялар

Жарыш жɵнʏндɵ

Бүткүл дүйнөдөгү Кыргызстандыктардын «Акыл Тирек» конкурсу – бул жаңы жана новатордук көз караштары, терең изилдөөлөрү, уникалдуу идеялары менен өнугүүнүн жаңы горизонтторун ачып, мамлекеттин акыл тиреги боло ала турган гениалдуу жана ишбилги атуулдарыбызды таап чыгуу жана колдоо болуп саналат.

КОНКУРСТУН КЫСКАЧА ТҮШҮНДҮРМƟСҮ.

Бүткүл дүйнөлүк Кыргызстандыктардын «Акыл Тирек» конкурсу – бул жаңы жана новатордук көз караштары, терең изилдөөлөрү, уникалдуу идеялары менен өнүгүүнүн жаңы горизонтторун ачып, мамлекеттин акыл тиреги боло ала турган  чыгаан жана ишбилги атуулдарыбызды таап чыгуу жана колдоо болуп саналат.

Сыйлык тапшыруу аземи – жарыштын эң маанилүү бөлүгү болуп, конкурсттун жеңүүчүүлөрү салтанаттуу түрдө өз эмгектери менен коноктор жана аземдин катышуучуларынын алдында таанытылат.  Аземдин эң негизги салтанаты болуп “Акыл Тирек”  наамын тапшыруу саналат. 

 “Акыл Тирек наамы – бүгүнкү Кыргызстандын жана Орто Азиянын тарыхында биринчи жолу стратегиялык изилдөөлөр жана жаңылануу жаатындагы алгачкы наам катары уникалдуу иштердин  өнүгүшүнө түрткү берет. Бул конкурстун лауреаттарына акчалай сыйлыктар берилет. Ал эми премияга татыктуу деп табылган жеңүүчүлөр өлкөбүздүн интеллектуалдык ресурсунун негизги тиреги катары “Акыл Тирек” аттуу китебинде өз атын түбөлүкө калтыра алат.

 

“Акыл Тирек” китеби – бул Кыргызстандын жаңы тарыхый баракчасы болуп, ал жерде  ɵзгɵчɵ жана жаңычыл кɵз караштары менен идеялык чоң бурулуш  жасаган инсандардын ысымдары тʏбɵлʏккɵ гениалдуу реформаторлор деген наамда жазылып калмакчы.  

 

ЖАРЫШ ЖӨНҮНДӨ

Прогрессивдүү Демилгелер Фонду «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун алкагында Кыргызстандыктардын экинчи  Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек»  жарышын уюштурууда.  Катышуучулар арасынан өнүгүүнүн жаңыча жолун сунуштагандар, жаңылануу менен мамиле кылгандар, өлкөнүн орчундуу маселелерин чечүүдө өзгөчөлөнгөн таасирдүү идея жана сунуштарды  бере алгандар тандалат.

Ошондуктан жарышка терең изилденген, жаңычылдык менен айырмаланган (жанычылдык камтылган), өзгөчө ой-жорумдагы жана коомдук өнүгүүгɵ туура багыт берген, оң жактуу өзгөрүүлөрдү сунуштап киргизе алган илимий эмгектер кабыл алынат. 

Жарыштын эң маанилүү бөлүгү болуп «Акыл Тирек» наамын негизделиши эсептелет. Бул наам стратегиялык изилдɵɵ жана жаңычылдык багытындагы мамлекетибиздеги алгачкы наам болуп, коомчулукта жаратман жаңы салттын башталышына жол ачышы керек. 

Мамлекеттеги жана коомдогу чечилбей жаткан кɵптɵгɵн маселелерди эске алуу менен атайын тɵрт багыт тандалган: экономика (толугу менен бир көйгөйдү чечүүгө арналган), мамлекеттик башкаруу (административдик-аймактык түзүлүш, кадрдык саясат, мамлекеттик мекемелердин иш процесстерин оптимизациялоо, коррупцияны жоюу, ж.б.), «Социалдык долбоорлор» (билим берүү, маданият, даарылоонун сапаты жана жеткиликтүүлүгү, соцалдык инфраструктурасынын өнүгүүсү, эне жана баланы коргоо, социалдык ишмердүүлүктү пропагандалоо, ж.б.) жана илимий -техникалык долбоорлор жана аны турмушта колдонуу.

МИССИЯ

Дʏйнɵ жʏзʏ боюнча атуулдарыбыздын арасынан гениалдуу сунуштарды, жаңычыл жана эффективдʏʏ чечимдерди, ошондой эле терең изилдɵɵлɵрдʏ таап чыгуу, колдоо жана алдыга сʏрɵɵ менен мамлекетибизде жаңыланууга, масштабдуу ɵзгɵрʏʏлɵргɵ жана эффективдʏʏ реформаларга жол ачуу.   

КАТЫШУУЧУЛАР

Конкурска окумуштуулар, эксперттер, аналитиктер жана Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат. Жаш курагы 23 жаштан жогору болушу шарт. Бир адам катышууга бир гана билдирүү таштай алат. Иштин авторлорунун саны чектелбейт. Жеке тараптардан атынан ишке жоопкерчиликтүү бир гана адам катышу билдирүүсүн бере алат. Юридикалык жактар аныкталган жоопкерчиликтүү адамдын атынан реквизиттерин жазуу менен билдирүү таштаса болот. 

ИШКЕ АШУУ ЭТАПТАРЫ

2014-жылдын 1-майдан 1-августка айына чейин  конкурстук иштер кабыл алынат. Кабылдаманын соңку күнүнөн тартып 30 календардык күндүн ичинде экспертиза жана конкурстун мыктыларын аныктоо иштери жүргүзүлөт. 

Конкурстук иштердин экспертизасы эки этап менен өтөт:

  • Алгачкы экспертиза: конкурстук иштин темага туура келүүсү жана тиешелүү мазмунга ээ болуусу каралат;
  • Комплекстүү экспертиза: конкурстук иштин мазмуну коюлган критерийлерге жооп берүүсү каралмакчы. 

 

Алгачкы экпертиза Фонддун эксперттик группасы тарабынан жүргүзүлөт. Бирок керектүү учурда башка эксперттер да тартылат.  Комплекстүү экспертиза, атайын чакырылган эксперттер менен бирге Фонддун коомдук кеңеши тарабынан каралат. Коомдук кеңештин берген баасына жараша мыкты иш жана кандидаттар сыйлыктарга сунушталат.

«Акыл Тирек» наамына тандалган талапкерлердин жеңʏʏчʏлɵрʏн беделдʏʏ жана компетентʏʏ атуулдарыбыздан тʏзʏлгɵн атайын комиссия аныктайт. Комиссия комплекстүү экспертизадан өткөн гана иштерди карайт жана конкурстун критерийлерине карата жеңүүчүлөрдү белгилеп, сыйлыктын формасын аныктайт. 

СЫЙЛЫК БЕРҮҮ

Конкурстун жыйынтыгында мыкты иштер аныкталат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо үчүн атайын салтанаттуу түрдө 2014-жылдын сентябрь айында «Акыл Тирек» премиясын тапшыруу аземи өткөрүлөт. 

«Акыл Тирек» наамына ээ болгондор мамлекеттин интеллектуалдык ресурсунун маанилүү негизин түзүп, өз ысымдарын «Акыл Тирек» китебинде түбөлүккө калтырып, жаштарга жана жалпы коомчулукка ийгиликтин үлгүсү болуп сакталып кала берет.

АЛГА СҮРӨӨ МЕХАНИЗМДЕРИ 

«Акыл Тирек» наамына ээ болгондорго идеяларын жайылтуу жана алга сүрөө үчүн төмөнкү мүмкүнчүлүктөр түзүлөт:

Профессионалдык жолугушуулар: илимпоздордун, коомдук ишмерлердин,эксперттердин, ишкерлердин, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн турган чоң аудитория астында өз ишин тааныштыруу жана талкулоо;

Коомчулук менен жолугушуулар: окуу жайларында жана башка атайын кечелерде жеңүүчүлөр өз иштерин тааныштыруу жана пикир алмашуу мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ ээ болушат;

КОНКУРСТУН МАҢЫЗЫ

Күчтүү реформатор, изилдɵɵчʏ жана аналитиктерге коомчулукта, мамлекеттин келечегин аныктап, анын ɵнʏгʏшʏнɵ чоң салым кошуу ʏчʏн «өзгөчө шарт түзүү».

Баалуу стратегиялары жана конкреттʏʏ сунуштары менен туура жолду кɵргɵзʏп жана багытты аныктай турган чыныгы реформаторлордун пайда болушуна жол ача турган «механизм» десек болот.

Мамлекетибизде терең изилдɵɵлɵргɵ жана инновациялык ачылыштарга тʏрткү бере турган «чоң мотивация».

Жарыш, атуулдарыбызды мамлекеттик деңгээлде гана эмес, дʏйнɵлʏк деңгээлде да идеялык ири бурулушка себепкер болушуна тʏрткʏ  бериши керек.

тел.: (0312) 690667 –  Тыныбекова Айзада  fpi.kg@mail.ru

          (770)  057005 -   Адил Алишерович

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

  • Гулайым 19 Март 2014

    Здравствуйте, буде ли в 2014 году проводиться очередной 2 конкурс "идейный прорыв", существует номинация по лингвистике (языкознанию), существуют ли ограничения по возрасту? С уважением, Доолоталиева Г,С.

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо