Наверх
  • 0 (312) 620921

Алдыңкы идеялар

Жаркын келечек үчүн кызматташтыкка чакыруу

Чындыгында, биздин эл көптү башынан өткөрдү, биздин эл кыйынчылыктарга каршы иммунитетке ээ болду, болгону алдыңкы идеяларды алып чыгып, жайылтып, жан дилибизге сиңирип, аларды бирдикте ишке ашырууга мезгил жетти!!!

Жаркын келечек  үчүн кызматташтыкка чакыруу

«Коомчулукту бийлеген күчтүү бийлик,

бул сөз эмес, идея» В.Г. Белинский.

 

«Жалпы массага сиңген гана идея күч боло алат» В.И. Ленин.

 

«Коомчулук деградацияга түшөт,

эгер инсандардан импульс, дем болбосо;

импульс деградацияга түшөт,

эгер коомчулуктун колдоосуна ээ болбосо».

Уильям Джеймс.

Биздин коомдо баш аламандык көп, бирок эң коркунучтуу баш аламандык – бул, коомдун аң-сезиминде орун алганы. Бүгүнкү күнгө чейин биздин коомдун аң-сезимине негизсиз, пайдасыз, далилсиз идеялар толуп, эл «Кетсин!!!» деген аң-сезимге кабылып, өзү да регресске кетүү жолунда турат.  Эл ар түркүн идеялардан чындыгында тажады. Жана бардык нерсеге кайдыгерлик, ишенбөөчүлүк менен мамиле кыла баштаганын тануу мүмкүн эмес. Аң-сезимдеги ишенбөө жана кымгууттан айрылуу эң кыйын нерсе…

Ар бир жоопкерчиликтүү жаран өзүнө «Мамлекеттеги абалды кантип өзгөртүү мүмкүн?» деген суроону берип келген, албетте бул суроонун жообун тапкан бирөө болбогон. Себеби, ал өзгөрүш жолу ар түрдүү жана эң негизгиси жыйындуу эмес.  Ошондуктан, коомдун «Кандай өзгөрүү бизге керек?» деген талабына эч ким негиздүү жооп бере албаган. Мына ушундан улам коомдо башка чет элдик идеяларга болгон көз карандылык келип чыккан. Албетте, чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы да баалуу, бирок биздин өз лидерлерибиз, жол көрсөтүүчү акылыбыз жокпу деген да суроолор жаралбай койбойт…

Албетте, биздин жергиликтүү прогрессивдүү идея өндүрүүчүлөрүбүз сөзсүз түрдө бар. ЖОЖдор,  консалтинг компаниялары,  жигердүү жеке жана юридикалык тараптар, бактыбызга өнүгүү идеяларын сунуштап келишет, бирок (түгөнгүс «бирок») алардын продукту бардык элге жеткиликтүү эмес. Элдин түпкү талабы, жаңы өзгөчө прогрессивдүү идеяларга болгон моокуму дагы деле канбай келет. Биздин коомдо пайдалуу идеялар бар, бирок (баягы эле «бирок») алар угулбай, көмүскөдө, тепсендиде калып келүүдө.

Бизге максаттуу, жыйындуу жана туура түзүлгөн прогрессивдүү идеялардын башкаруу системасы керек. Бул биздин идеялардын белгилүү бир максатка умтулуусуна турткү болот. Ошол себептүү Прогрессивдүү Демилгелер Фонду конкреттүү аянттарды сунуштайт: виртуалдуу жана реалдуу. Кварталдык конкурсттардын негизинде, адилеттүү баа менен эң пайдалуу прогрессивдүү идеяларды топтоп, аларды коомчулукка алып чыгып, журналдагы жана сайттагы публикациялар, Фонддун телепроектинде жайылтууну сунуштайт. Жеңген көз карашты, идеяны пропагандалоо б.а. анализденген, негиздүү моралды коомго жайылтуудан жалпы улуу идеология жаралат. Коомдо баш аламандык таркап, аң-сезимдеринде конкреттүү идеологиянын так конкреттүү келбети чийилип, эл ошол идеологиянын аркасынан жүрөт.

Прогрессивдүү идеялардын өндүрүүчүлөрүнүн эки багыт боюнча жигердүү катышуусу эл жана өздөрүнүн өнүгүү боюнча көз караштарын бири-бирине жеткирүүнү шарттайт. Ал эми жогорку деңгээлдеги конкуренция идеянын сапатын да жогорулатып, ал идеялардын авторлоруна коомчулуктун сый-урматын жана таанып билүүсүн, кадырлоосун берет, албетте, бул да абдан маанилүү.

Биз дайыма бизден көп нерсе көз каранды деп келебиз. Силер да, биз да коомдун бөлүгү экенибизди толук билип турабыз. Келгиле, бардык аракетибиз менен прогрессивдүү идеяларды топтоп, эң мыктыларын алып чыгабыз. Келечекте бул идеялар коомубузду жана айланыбызда чоң өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн!

Эгер биздин сунуштарды дагы да тагыраак ача турган жана Силердин кызыгууңарды арттыра турган болсок, ачык жана чын дилибизден айткыбыз келет, бул консолидация бардыгыбызга керек жана пайдалуу. Тандалган идеялар Республика боюнча жайылып, алардын авторлору баалуу белектер менен да сыйланат. Демек, коомдун сынынан өтүп, көпчүлүктүн алдында өз идеясын негиздеп, аргументтер менен далилдеп берүү мүмкүнчүлүгүн алат. Анткени ар бир идеянын автору өз идеясынын жашап кетүүсүн эңсейт жана жашоого сиңирилбеген идея жөн гана самындын көбүгү болуп саналат, бар да жок.  Ал эми коомго кирген идея ишке ашкан идея.

Адамдар идея үчүн жанын берип келген, бул акталган өлүм болуп, идея жанынан артык болгон. Ал эми биз жөн гана реалдуу түрдө керектүү идеяларды Сиздер менен бирге иш жүзүнө ашырууну көздөйбүз. Биз жалгыз эч нерсе кыла албайбыз. Биз бири-бирибизге керекпиз. Биздин идеяларыбыз жетилип бышып, элдин өзүнө сездирбей туруп, алга сүрөөсү зарыл. Ошондо өз нугу менен жалпы коомдун улуу идеологиясы жаралат. Идеологиясы бар жана ага бекем турган эл эч качан жеңилбейт!

Чындыгында, биздин эл көптү башынан өткөрдү, биздин эл кыйынчылыктарга каршы иммунитетке ээ болду, болгону алдыңкы идеяларды алып чыгып, жайылтып, жан дилибизге сиңирип, аларды бирдикте ишке ашырууга мезгил жетти!!! 

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо