Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын «Акыл Тирек» жарышынын жеңүүчүлөрү аныкталды
09.09.2013 http://barakelde.akipress.org/news:55259/
Баракелде - Прогрессивдүү демилгелер фонду 7-сентябрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында «Акыл Тирек» жарышынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаттуу аземин Коомдук Телерадиокорпорациясы менен бирге өткөздү. Бул тууралуу аталган фонддон билдирди.
Жарыштын байгелик фонду 1 млн сомдон ашык болду. Аземди алып баруучу Нурзат Токтосунова Жогорку окуу жайынан жана Улутук илимдер академиясынан «Акыл Тирек» сыйлыгына көрсөтүлгөн 45 талапкердин ысымдарын атады.
Маалыматка ылайык, алар өлкөнүн перспективдүү, интеллектуалдуу, жаш кадрлары катары көрсөтүлдү. Аларга дипломдор жана ысымдары жазылган «Акыл Тирек» китептери берилди.
Үчүнчү орунду 6 конкурсант бөлүшүп, эксперттик комиссиянын төрагасы, академик, КРнын эмгек сиңирген экономисти Турар Койчуев тарабынан статуэткалар, «Акыл Тирек» китептери, жана ар бирине 50 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Экинчи орунга татыктуу болгон 4 конкурсантка КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев статуэтка, «Акыл Тирек» китептерин жана ар бирине 75 миң сомдук сертификаттарды тапшырды. Акырында биринчи орундун жеңүүчүлөрүнө, 4 конкурсантка: Р.Касымбековго, Т.Дыйканбаевага, З.Курмановго, А.Бабакуловго фонддун негиздөөчүсү менен бирге башкы мүдүр Амангелди Жумадилов статуэтка, «Акыл Тирек» китептерин жана 100 миң сомдук сертификаттарды ар бирине тапшырышты.
Туризм, маданият жана маалымат министри Султан Раев менен фонддун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов кошумча сыйлык катары «Акыл Тирек» китептерин жана планшеттерди 12 конкурсанттарга да беришти.
Мындан сырткары, мамлекеттин алдындагы эмгектери үчүн атайын сыйлыктарга, планшет, ноутбуктарга Мурат Мусабаев, Женишбек Назаралиев, Кыргызбай Нуркулов, Машрап Мурзаев татыктуу болушту.
09.09.2013 http://barakelde.akipress.org/news:55259/
Добавить комментарий