“Кабар” агенттигинин журналисти “Акыл тирек” номинациясына татыктуу болду
05.11.2013 http://kabar.kg/kyr/science-and-culture/full/52501
Бишкек, 5-ноябрь /Алтынай Мураталиева-Кабар/. “Кабар” агенттигинин кабарчысы Сүйүнбүбү Тагаева кыргыз журналистикасы тармагындагы “Акыл тирек” жарышында “Интернет күзгүсү” номинациясына татыктуу болду.
Бүгүн сыйлыктарды ыйгаруу аземи Бишкетеги “Космопарк” борборунда өттү. Сынакты Прогрессивдүү демилгелер фонду уюштуруп, ага 60ка жакын журналист катышкан.
Анда 8 номинация каралап, телеберүү, радио, интернет-басылма, басма сөз жана башка багыттар боюнча мыкты журналисттер иргелип алынган.
“Мезгилдер алмашып, интернет технологиясы тездик менен өнүгүп, ал ЖМК айдыңында түптүү бутакка айланды. Өлкөдө интернет колдонуучулар саны кыска мөөнөттө 3 млндон ашкан. Интернет жаатында коомдун көйгөйүн көтөрүп, мезгил талабынан калбай, маалымат жеткирген журналисттердин эмгегине өзгөчө маани берилиши тийиш”, - деп айтылды куттуктоо аземинде.
05.11.2013 http://kabar.kg/kyr/science-and-culture/full/52501
Добавить комментарий