Арыба, “Билим ак- кемеси”
Фонд көпчүлүктүн суроо-талабы боюнча коомдук мектептин 3 айлык окуу курсун 70% арзандатуу менен окутууну сунуштады. Аталган иш-аракеттин алкагында борборубуздагы жогорку окуу жайлардан 10 адам катталган.
“Убакыт зымырык учкан куш” - демекчи, коомдук мектеп - билим уясынын III агымынын башталганына бир ай, бир жуманын жʏзʏ болду.
Келечек муунга билим, тарбия берүү, аларды туура жолго багыттоо, рухуна дем, жүрɵктɵрүнɵ жарык ишеним, мекенинин татыктуу инсаны болушуна кɵмɵк кɵргɵзүү эң манилүү иштердин бири. “Уяда жатканда эмнени кɵрсɵ, учканда ошону кылат”- деп бекеринен айтылбаса керек. Бүгүнкү чынар чырпыктай болгон жаштарыбыз - эртеңки күндүн ишеними. Анткени, алар ɵлкɵнүн коомунун маанилүү бɵлүгүн, ɵнүгүүнүнүн үрɵнүн түзмɵкчү. Коом канчалык билимдүү, тарбиялуу, дили таза, акылы зирек болсо, ал коом ошончолук күчтүү, гүлдɵгɵн ɵлкɵгɵ айланмакчы.
Жогоркуда айтылган иш – чараларды кɵздɵгɵн, максатына жеткизүү жана азыркы коомдогу кɵйгɵйлүү маселелерди чечүү үчүн “Прогрессивдүү Демилгелер Фонду” коомдук фонду, коомдук ишмер, “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков тарабынан негизделген.
“Прогрессивдүү Демилгелер Фонду” коомдук фондунун ири долбоору болгон “Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектебинин алкагында, 2014-жылдан бери эки агым ɵткɵзүлүп, 200 жигердүү студенттерди окутуп, аларга сертификаттар тапшырылган. Ал эми жыл башында коомдук мектептин III агымына жалпысынан 700дөн ашуун талапкер болуп, алардан 100 адам гана өткөн.
“Эл тараза, эл сынчы” - дегендей, коомдук мектептин максаты, иштери туура жолго коюлгандыгынын натыйжасында, эң жакшы жыйынтык кɵргɵзүп, жаштарыбыз арасында чоң кызыгууларды жаратууда. Кабыл алуу мезгили бүтүп калганына карабай катышууну каалагандардын саны кɵп болгондуктан, “Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектебине акылуу орундар түзүлдү.
Фонд көпчүлүктүн суроо-талабы боюнча коомдук мектептин 3 айлык окуу курсун 70% арзандатуу менен окутууну сунуштады. Аталган иш-аракеттин алкагында борборубуздагы жогорку окуу жайлардан 10 адам катталган.
Алар эки жумадан бери “Ийгиликтин стратегиясы”, “Чечендик ѳнѳр”, “Тимбилдинг” аталышындагы жана башка кɵптɵгɵн кызыктуу тренингдерге терең талпынуу менен катышып келүүдө. Жаңы кошулган студенттер III агымга бат эле кошулуп, жылуу мамиледе чогуу билим алып жатышууда. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясынын студенти, Адилет: “Бул коомдук мектепте өтүлүп жаткан тренингдер абдан пайдалуу жана эффективдүү болууда десем жаңылышпаймын. Азыр 3 айлык окуу курсуна 4000 сом берилип жатат, чындыгында үч айлык эмес, бир эле тренингдин баасы 4000ге барабар экени, биринчи эле тренингтен байкалып турат ” – деп фондго ыраазычылыгын билдирди.
Элибизде айтылгандай: “Жакшы менен жүрсѳң жакшы болосуң, Бакшы менен жүрсѳң бакшы болосуң”,-деген учкул сɵздɵрдɵ чоң маани-маңыз жатат.
“Прогрессивдүү Демилгелер Фонду” коомдук фондунун бардык катышуучуларынын арасындагы адамгерчилик, жɵнɵкɵйлүк жана жагымдуу маанайдын негизинде, жаңы кошулган 10 студент бейкут ʏй-бʏлɵɵгɵ мүчɵ болуп киришти.
Арыба, билим ак-кемеси!
Добавить комментарий