2014-жылдын 19-апрелинде «Ататүрк» паркында өткөн ишембиликке катышкандарга чоң ыраазычылык.
2014-жылдын 19-апрелинде өткөн жылдан бери «Ататүрк» паркында калган таштандыларды, жалбырактарды тазалоо боюнча өткөн масштабдуу ишембиликке четте калбай активдүү катышкандардын баарына Прогрессивдүү Демилгелер Фонду терең ыраазычылыгын билдирет.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду өзгөчө ыраазычылыгын Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин мүдүрүнө Жунушалиева Нурзат Манасовнага, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин тарбия иштери боюнча проректору Белекова Гульмира Шаршенбаевнага, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жаштар саясаты боюнча проректору Онолбаев Мелис Бекболовичке, Чуй университетинин координациялык центрдин мүдүрүнүн орун басары Эстебесова Гульнас Алманбетовнага, КМЮАнын жаштар, дене тарбия жана эстетикалык тарбия иштери боюнча Кыдыралиев Алмаз Тойматовичке, Бишкек мамлекеттик университетинин тышкы байланыштар боюнча адиси Шералиев Эльдияр Абдыраевичке, МАУПФИБ доценти, “бухгалтердик эсепке алуу , анализ жана аудит” кафедрасынын башчысы Сабырова Гульзат Жумадиловнага, Чыгыш университетинин ага окутуучу Бекпаева Эльвира Кадыровнага, “Ак Дил” кыймылынын жаш лидерлерине, Бишкектеги ЖОЖдорубуздун студенттерине ыраазычылык билдирет. 19-апрелинде алардын активдүү катышкандыктары менен Ататүрк паркында өткөн масштабдуу ишембиликте 1га участкасынан, өткөн жылдан бери калган таштандылар, жалбырактардын көлөмү 9 борттук автоунаа - 3,5 тонна чыкты. Ишембиликке келген катышуучулардын саны 650 кишиге жетти, алар Бишкек ЖОЖдорунан түзүлгөн командаларынын өкүлдөрү.
Бул ишембиликте Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздөөчүсү Салымбеков А.М., жана Бишкек шаарынын жайлуулук сууроолору боюнча Вице-мэр Попиков О.В. катышты. Аскар Салымбеков: “Жаш муундар жаратмандык ишмердүүлүктөргө өз патенциалын келечекте дагы көрсөтө ала турганын чоң үмүттө болгондугун билдирди жана аларга терең ыраазычылыгын билдирди.
Андан тышкары Бишкек шаарынын Вице-мэри О. В Попиков, өтүп жаткан иш-чараны баалап, өзүнүн катышуучуларга болгон жылуу мамилесин айтып, Мэрия келечекте дагы Фонддун демилгелерин колдоого даярдыгын белгилеп өттү.
Бишкектин коомдук жашоосуна катышуунарды жана биргеликте иштешүүнөрдү үмүттөнөбүз.
Добавить комментарий