Коомдук мектептин катышуучуларынын ата-энелери үчүн тренингдер ѳткѳрүлдү.
Мастер-класстын алкагында Кыргызстанга белгилүү коуч-тренер Лилия Утюшевадан "Ѳздүк эффективдүүлүк", бизнес-тренер Татьяна Калчаевадан "Ата-эне менен баланын ортосундагы мамиленин психологиясы" жана тренер Нуруйля Болокбаевадан "Финансылык сабаттуулук" тренингдери ѳткѳрүлдү.
18-ноябрь күнү Аскар Салымбековдун Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун окуу борборунда "Кыргызстандын жаш лидерлери" жана "Кыргызстандын ѳспүрүм лидерлери" коомдук мектептеринин катышуучуларынын ата-энелери үчүн, атайын даярдалган "Ийгилик факторлору жана Лидерди кантип тарбиялоо керек?" аттуу мастер-класс ѳткѳрүлдү. Мастер-класстын алкагында Кыргызстанга белгилүү коуч-тренер Лилия Утюшевадан "Ѳздүк эффективдүүлүк", бизнес-тренер Татьяна Калчаевадан "Ата-эне менен баланын ортосундагы мамиленин психологиясы" жана тренер Нуруйля Болокбаевадан "Финансылык сабаттуулук" тренингдери ѳткѳрүлдү. Соңунда, ата-энелер 5 саатка созулган мастер-класстан күнүмдүк жашоого эң керектүү маалыматтарды ала алышканын, мындай тренингдер дагы да уюштурулуп турса деген ойлорун айтышты, ж.о.э жаштар үчүн, ал эле эмес ата-энелер үчүн ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткан фонддун негиздѳѳчүсү Аскар Салымбековго терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Добавить комментарий